Биз менен байланышыңыз

«Делбирим» тасмасында Аселдин ролун аткарган актриса мыкты деп аталды

Кыска кабар | 2 Дек 2018 | 852 | 0

Кыргыз-өзбек киночулары биргеликте тарткан «Делбирим» тасмасынын башкы карманыМадина Талипбек Өзбекстанда өткөн PROlogue-2018 эл аралык кинофестивалында “Мыкты актриса” номинациясы ыйгарылды. Бул тууралуу актриса Мадина Талипбек тастыктап, ал учурда Бишкек шаарында экенин айтты.

«Мага кубанычтуу кабарды кинонун режиссёру Сарвар Каримов сүйүнчүлөдү. Абдан кубандым. Себеби ал жактан мен «Мыкты актриса» номинациясына талапкер болуп жатканымды билген эмесмин. Ал эми кинонун продюсери Паризат Жакыпбекова сыйлыкты 5-декабрда Бишкекте боло турчу кинонун бет ачарында мага тапшырыларын айтты», — деди Мадина Талипбек.

«Делбирим» тасмасынын бет ачары Өзбекстанда 16-ноябрь күнү Ташкентте болгон. Ал эми Кыргыз өлкөсүндө 5-декабрда боло турганы айтылып, тасманын трейлери чыккан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM