Биз менен байланышыңыз

Өкмөт башчы олимпиадалык оюндарынын спортчуларын сыйлады

Кыска кабар | 2 Дек 2018 | 545 | 0

Премьер-министрМухаммедкалый Абылгазиев Буэнос-Айрес шаарында өткөн Өспүрүмдөрдүн жайкы 2018-жылкы Олимпиадалык оюндарында ийгиликтерди багынткан спортчулар менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууга грек-рим күрөшү боюнча күмүш байгенин ээси Элмирбек Садыров, сууда сүзүү боюнча күмүш байге ээси Денис Петрашов, фехтование боюнча коло байгенин жеңүүчүсү Хасан Баудунов, ошондой эле алардын жеке машыктыруучулары катышты.

Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн атынан спортчуларды жана алардын машыктыруучуларын куттуктап, жогорку жыйынтыкарга жетишкендиги үчүн ыраазычылык билдирди.

«Биз дүйнөлүк аренадагы сиздердин жеңишиңиздер менен сыймыктанабыз. Бул ийгилик, албетте, сиздердин талыкпаган эмгегиңиздердин натыйжасында келди. Таймаштар дүйнөлүк алдыңкы спортчулардын катышуусунда катаал шартта өттү. Сиздердин жыйынтыгыңыздар биз үчүн Оюндардагы жеңишке тете», — дейт премьер-министр.

Өкмөт башчы билдиргендей, 2019-жылдан тарта машыктыруучулардын эмгек акысын, ошондой эле спорттук стипендияларды жогорулатуу жөнүндө чечим кабыл алынган. Буга катар ал спортту өнүктүрүү максатында кабыл алынып жаткан чараларга кеңири токтолду.

Премьер-министр спортчуларга ийгиликтерди каалап, аларга жана машыктыруучуларга акчалай сертификаттарды тапшырды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM