Биз менен байланышыңыз

Депутаттар мигранттарга тынчсызданды

Коом | 30 Ноя 2018 | 630 | 0

Бүгүн, 30-ноябрда Жогорку Кеңештеги «Республика-Ата Журт» фракциясы ички жана тышкы миграциясынын учурдагы абалы тууралуу маселени талкуулады. 

Кыргызстандын 1 миллиондон ашуун жараны чет өлкөлөрдө эмгек мигранты болуп жүрөт. Мекендештердин укуктарынын корголушу, аларды «кара тизмеден» чыгаруу боюнча тиешелүү мекемелер иш алып барат. Бирок бул аракеттер жеткиликтүү болбой жатканын «Республика-Ата Журт» фракциясынын лидери Жыргалбек Турускулов айтып, сындады.

-Мамлекеттин экономикасына мигранттар эбегейсиз зор салым кошуп келишет. Расмий маалыматка ылайык, былтыр өлкөгө мигранттардан 2 млрд 83 млн доллар которулса, быйыл 8 айынын жыйынтыгында 1 млрд 844 млн доллар келип түшкөн. Алардын укуктарын мамлекет коргоп бериши керек. Акыркы убактарда ар кандай окуяларды угуп жатабыз.

Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Болотбек Ибраимжанов расмий түрдө Кыргызстандын 750 миңден ашуун жараны эмгек миграциясында жүргөндүгүн маалымдады. 10-декабрга чейин Орусиянын миграциялык кызматы «кара тизмедеги» кыргызстандыктардын жарымын чыгаарын кошумчалады. Анын айтымында, учурда кыргыз мигранттары арасында Орусиянын миграциялык кызматы берип жаткан мунапыс жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

-Мигранттардын 80 пайызы Орусияда, 10 пайызы Казакстанда, 10 пайызы башка өлкөлөрдө. Чет өлкөлөргө мекендештерибиздин 75 пайызы Баткен облусунан, 27 пайызы Жалал-Абаддан, 1,5 пайызы Чүй жана Нарын облустары менен Бишкек шаарынан кетишет. Ички мигранттардын 22 пайызы Ош облусунан, 19 пайызы Жалал-Абад облусунан келгендер түзөт. Ички миграциянын себептери катары социалдык, экономикалык мүнөздөгү маселелер аталды. Учурда кыргыз мигранттары арасында «кара тизме» боюнча Орусия берип жаткан мунапыс жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Эл өкүлдөрү Орусиядагы мекендештерибизди “кара тизмеден” чыгаруу боюнча аткаруу бийлигинин ишин начар деп баалашты. Фракция депутаттарынын суроолоруна жооп берип жатып Ибраимжанов учурда миграция чөйрөсүндө аракеттеги мыйзамдарга анализ жүргүзүү боюнча жумушчу топ түзүлгөндүгүн маалымдады.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров жарандар сыртка жумушсуздуктун айынан кетип жатканын айтып, аларды өлкөдө жумуш менен камсыз кылууга көрүлүп жаткан аракеттер боюнча буларга токтолду:

-Өз адистиги боюнча жумуш таппай жүргөндөр, учурдун талабындагы адистик боюнча кайра окутулат. Маселен, быйыл 1-ноябрга карата алты миң адамды окуттук. Мындан сырткары иш орундары боюнча жарманкелер өткөрүлүп келүүдө. Жумуш берүүчүлөрдүн базасын түзүп, 1-январда эмгек маалыматтык система базары деген сайт ишке кирет. Анда бүт өлкөдөгү жумуш орундары тууралуу маалымат жайгаштырылат.

Талкууда фракция мүчөлөрү эмгек мигранттарын социалдык жактан коргоо жана колдоо боюнча пикирлерин ортого салышты. Ошондой эле Кыргызстанга иштегени келген чет элдик жарандардын саны өсүп жаткандыгы жана алардын арасынна улуттук мыйзамдарды бузгандарын жоопкерчиликке тартуу ойлору айтылды.

Эл өкүлү Сагындык Келдибаев акыркы эки жылда өлкөгө Өзбекстандан келген адамдардын саны өсүп жатканына токтолду.

-Бизге Өзбекстандан келген адамдардын саны эки эсеге өсүптүр. Бул боюнча өкмөт көзөмөл кылып жатабы? Эмне себептен мынча көп келишүүдө? Коңшу мамлекетте акыркы мезгилдерде сакалчандарга катуу тартип киргизип, кысымга алышууда. Алар биздин өлкөгө кирип келген жокпу? 

Айта кетсек, 2017-жылы Кыргызстанга келген чет элдик мигранттардын саны 275 миңди түзсө, бул жылдын 9 айында 380 миң адамды түзгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM