Биз менен байланышыңыз

Свердлов райондук салыкчыларга кылмыш иши козголду

Кыска кабар | 28 Ноя 2018 | 451 | 0

Салык кызматынын Свердлов райондук башкармалыгынын кызматкерлери 1-топтогу майып адамдардын кол тамгасын оңдоп, башка жарандын ЕАЭБ өлкөлөрүнөн товар алып кирүүсүнө патент жана маалымкат беришкен. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Мыйзамсыз патенттин негизинде 2018-жылдын 1-январынан 28-февралга чейин ЕАЭБ өлкөлөрүнөн 119 млн 228 миң сомго товар импорттолгон. Анын ичинен 14 млн сом кошумча нарк салыгы төлөнгөн эмес.

Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан бул факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 304, 314-беренелери боюнча иш козголду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM