Биз менен байланышыңыз

Депутат визасыз режим иштеген өлкөлөрдү көбөйтүүнү сунуштады

Кыска кабар | 28 Ноя 2018 | 510 | 0

45 мамлекетке визасыз режим киргизилгендиктен Кыргызстанда туристтердин саны өсүп жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев айтты. Ал визасыз режимди киргизүү мыйзамы 2030-жылга чейин иштесин деп сунуштап жатат.

Ал эми өкмөт мыйзамга өзгөртүү катары дагы он мамлекетке визасыз режимин киргизүүнү сунуштоодо.

Бекешев өлкөгө коркунуч келтирүүнү каалагандар визага да карабай турганын айтып, коркпоого чакырды.

Эл өкүлү Жыргалбек Турускулов Кыргызстанга визасыз кирген өлкөлөргө Кыргызстандын жарандары дагы визасыз кире алгандай сүйлөшүү жүргүзүүнү сунуштады.

Эске салсак, буга чейин депутат Махабат Мавлянова Кытайга визасыз режим киргизүүнү сунуштаган. Бирок алардын кайра өлкөдөн чыгуусун камсыздоо керектигин айткан. Бул сунуш коомчулукта катуу талкуу жараткан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM