Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев Беларусияда идентификациялоо тутуму борборуна барды

Кыска кабар | 28 Ноя 2018 | 931 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Беларусь Республикасына иш сапарынын алкагында идентификациялоо тутуму борборунун ишмердиги менен таанышты.

Анда маалыматташтыруу тармагындагы илимий-техникалык жана өндүрүштүк-чарбалык ишмердик жөнүндө бет ачар сунушталды.

Ал объекттерди, логистикалык тутумдарды жана электрондук иштиктүү операцияларды автоматтык түрдө идентификациялоо тутумун түзүүгө, бул багытта жүргүзүлгөн иштерди илимий-методикалык камсыздоого, штрихтүү жана радио жыштыктуу идентификациялык коддор менен маркерленген товарлардын маалымат базасын жүргүзүүгө багытталган.

Борбордун базасында стандартташтыруу боюнча «Идентификация» улуттук техникалык комитети иш алып барат.

Абылгазиев Евразия экономикалык бирлигинин санариптик күн тартибин ишке ашыруу өңүтүндө бул тармакта тажрыйба алмашуу зарылдыгын белгиледи.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM