Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көлдө кар бар, турист жок

Коом | 27 Ноя 2018 | 1039 | 0

Ысык-Көлдө кышкы туризмдин ачылганына саналуу кун болду. Быйыл кар жакшы жаап, сезон эрте ачылганы менен, алыскы өлкөлөрдөн келген эс алуучулар байкалбайт.

Чет жерден келген жарандардан мурдагыдай мейманканаларга буйрутмалар түшпөй жаткандыгын Каракол шаарындагы «Маданур» конок үйүнүн жетекчиси Мадина Балахишова кабарлайт. Анын себебин ал мындайча айтып берди.

— Каракол шаарында кышкы туризм жыл сайын начарлап бараткандыгы байкалууда. Былтыр сезон кеч башталса да, мейманканабыз толуп турчу. Быйыл андай суроо талап жок. Эӊ негизги фактор — инфрастуруктуранын начарлыгы. Экинчиден, Ысык-Көлдө тоо лыжа базанын  бирөө гана иштейт. Айтайын дегеним, Бишкек, Алматы шаарларына бир нече тоо лыжа базалар ачылып жатат. Ошондой эле Сочи шаарында да чоӊ база бар. Мындан улам Европалыктар жана Россия федерациясынын жарандары  жолдун жакындыгына карап бул жакка келбей жатышат. Мындан улам лыжа сүйүүчүлөрдүн саны азайып баратат.

Дегендей эле, туристтерди жайы-кышы улуттук жана европалык даам-татымдар менен камсыздап келген чакан тамак аш сатуучу жайлар да сезондун жакшы болоорунан күмөн санай баштады. Анткени кышкысын калк арасында соода начар болуп, батыш өлкөлөрү менен Борбордук Азиядан келген меймандар бир топ киреше толтуруп кетишчү. Эми жылдын башталышын күтүүгө туура келерин «Кочевник» кафесинин аткаруучу жетекчиси Рано Завазиева айтты.

-Быйыл, Каракол тоо лыжа базасынын расмий ачылганына 4 күн болду. Азырынча чет элдик жарандар келгендиги байкалбайт. Себеби өткөн жылы туристтер келгенде кар жаабай, лыжа тебүүгө мурдагыдай шарт жок болчу. Ала кайра чыгым болуп кетишкен. Бир жагынан ушул маселе да таасирин калтырса керек. Эми биз жаӊы жылдын башталышын күтөбүз. Массалык түрдө лыжа сүйүүчүлөр келе баштайт деген үмүттөбүз.

Алыскы өлкөлөрдөн туристтердин аз санда келип жаткандыгы тейлөө шарттын кымбат болуусу да мүмкүн деген суроо жаралат. Бирок бир адам тамак аш менен жатаканага күнүнө болжол менен 1 миӊ сомдон 5 миӊге чейин коротсо болот. Маселенин башка жагдайы аба жана жол каттамында экендигин «Каркол дестинациясы» туристтик фирмасынын жетекчиси Рахат Жамалова белгиледи.

Биздин көз караш боюнча Каракол шаарында ар түрдүү варианттагы хостелден баштап заманбап чоӊ мейманканалар бар. Бааларын кымбат деп айта албайм, ал туристтин тандоосуна жараша болот. Бул жакта жолдо жүрүүдө чыгымдын көптүгү менен убакыттын тартыштыгы көйгөй жаратууда. Мисалы кышкысын Караколго келе турчу эс алуучулар Манас эл аралык аэропорту аркылуу келет. Түз унаа жалдап алып кетүүгө 1 туристтен 7-8 миӊ сом сарпталат. Экинчи жагынан эс алуунун 2 күнү жолго кетип жатат. Ошондо алар чарчап келип, кайра чарчап кеткендей болот.

Ошондой болсо дагы Каракол тоо лыжа базасы кардар айта алышпайт. Андагы аткаруучу жетекчилер дем алыш күндөрү Казакстан менен Бишкек шаарынан келген меймандар бар экенин кабарлашат.  Анын ичинен басымдуу бөлүгү жергиликтүү тургундар экендигин Евгения Коволева:

Биз кышкы туризмди өткөн жылга салыштырмалуу эрте ачтык. Анткени быйыл аба ырайы жакшы, тоодо кар бар. Аны менен катар жатакана, тамак аш, лыжа, конатка жолдорунан маселе жаралбайт. Азырынча эс алуучулар массалык түрдө келип жатат деп айта албайбыз.  Биздин оюбузча 1 аптага келген эс алуучулардын көрсөткүчү жыл башында байкалышы мүмкүн. Сезон жаӊы башталган соӊ, аз же көп болот деп салыштыруу кыйынга турат, деди ал.

Copyright © 2017 Maral FM