Биз менен байланышыңыз

Бишкек балдар ооруканасында амбулатордук-диагностикалык бөлүм ачылды

Кыска кабар | 27 Ноя 2018 | 548 | 0

Бишкек шаарынын балдар ооруканасында заманбап талаптарга жооп берген жаңы амбулатордук-диагностикалык бөлүм ачылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

Анда бардык бөлмөлөр бир бөлүмдө жайгашкан. Ошондой эле рентген кабинети, тез лаборатория, УЗИ кабинети жана ЭКГ да бар.

Кошумча дарыгерлер тобу да тартылган: 4 дарыгер педиатр, 2 хирург, 2 ЛОР дарыгер кабыл алат.

Бишкек шаардык балдар ооруканасына сутка ичинде 500дөн ашык бейтап кайрылат. Акыркы үч жуманын ичинде кайрылган бейтаптардын саны 200дөн ашкан. Алардын 75 пайызы балдар. Кайрылгандардын 160ы вирустук инфекция менен кайрылышкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM