Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышууда

Кыска кабар | 27 Ноя 2018 | 509 | 0

Бүгүн, 27-ноябрда Минск шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны өтүүдө. Ага Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев катышууда. Биримдикке мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларын Блеарусиянын президенти Александр Лукашенко кабыл алды.

Жыйын алгач тар чөйрөдө башталды, ал жабык өтүүдө.

Жыйында Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин кызматташуусун бекемдөө маселелери каралат. Анын ичинде биримдиктин санариптик күн тартибин ишке ашыруу, финансылык рыноктун концепциясын иштеп чыгуу сыяктуу темалар талкууланат.

Ошондой эле, ЕАЭБдин 2019-жылга бюджети, 2017-2018-жылдары ички рынокто тоскоолдуктарды четтетүү боюнча отчету угулат.

Кеңешменини жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлушу күтүлүүдө.

 

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM