Биз менен байланышыңыз

Президент Токмоктогу текстиль буюмдарын өндүргөн ишканага барды

Кыска кабар | 27 Ноя 2018 | 505 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-ноябрда Токмок шаарында текстиль буюмдарын өндүргөн «Viva Tex» ишканасына барды.

Ишкананын жетекчиси Икбол Бахрамова жүндөн жана пахтадан трикотаж материалы, андан буюмдарды чыгарып жатышканын маалымдады. Токмокто 630 адам, Бишкек шаарындагы эксперименталдык цехте 75 адам иштейт.

Ишкана Казакстан, Орусия, Германия, Түркия, АКШ, Өзбекстандын фирмалары менен кызматташат. Сатуу рыноктору — Кыргызстан, Орусия, Казакстан жана Өзбекстан.

Кубаттуулугу — айына 100 тонна жүн жиптерин жана 30 миң даана трикотаж буюмдарын чыгара алат.

Жээнбеков ошондой эле жаңыдан ишин баштаган «Макарон азыктарынын комплексине» барды. Ишкананын ишмердиги боюнча жетекчиси Султан Имангазиев маалымат берип, ишкана толугу менен Кыргызстанды камтып, андан соң продукциясын сыртка экспортко чыгарууну пландап жатканын айтты.

50дөн ашуун киши жумуш менен камсыз болгон, өндүрүш кубаттуулугу — айына 1800 тонна.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM