Биз менен байланышыңыз

Дагы он өлкөгө визасыз режимин киргизүү сунушталды

Кыска кабар | 27 Ноя 2018 | 588 | 0

Кыргызстан дагы он өлкөгө визасыз режимин киргизет. Мындай маанини камтыган мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук боюнча комитетинде каралууда.

Мыйзамга ылайык, өкмөт Румыния, Болгария, Кипр, Аргентина, Чили, Черногория, Андорра, Бразилия, Сан-Марино жана Оман өлкөлөрүнө виза режимин жоюуну сунуштап жатат.

Талкуу учурунда депутат Дастан Бекешев Кыргызстан визасыз режимди өз убагында киргизгендиктен туристтердин саны өсүп жатканын белгилейт. 2012-жылы 45 өлкөгө визасыз режим киргизилген.

Туризм департаментинин маалыматы боюнча, акыркы беш жылда өлкөгө визасыз кирген туристтердин саны 40 миңден 113 миңге көбөйгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM