Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев Беларусиянын агрардык өнөр жай холдингине барды

Кыска кабар | 27 Ноя 2018 | 528 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Беларусь Республикасына иш сапарынын алкагында «Агрокомбинат «Дзержинский» агрардык өнөр жай холдингине барды.

Интеграцияланган агрардык өнөр жай ири холдинги болгон «Дзержинский» агрардык комбинатынын негизги ишмердиги канаттуулардын этин өндүрүү, аны кайра иштетүү жана сатуу болуп саналат. Холдингдин 30дан ашуун фирмалык дүкөндөрү жана соода түйүндөрү бар.

Анда канаттуулар этинин продукцияларынын 20% өндүрүлөт. Инкубаторлордун өндүрүштүк кубаттуулугу —  жылына 56 миллион жумуртка.

Сүт берүүчү малдын башы – 5 мнге башка жакын. Ишкананын автотрактордук паркында 350 даана заманбап техника бар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM