Биз менен байланышыңыз

Улуттук банк эсептик чен өлчөмүн 4,75 пайыз деңгээлинде калтырды

Кыска кабар | 27 Ноя 2018 | 492 | 0

Улуттук банк эсептик ченди 4,75 пайыз чегинде калтыруу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Керектөө баа деңгээлинин жылдык өсүш арымы ноябрь айында 0,2 пайызды түзгөн. Жыл акырына чейин инфляция 2 пайызга жетиши болжолдонууда.

Тышкы жана ички таасирлер орун албаган шартта, өлкөдө жана региондо экономикалык жигердүүлүктүн бара-бара күч алышы 2019-жылдын орто ченинде инфляциянын 5-7 пайыз чегиндеги максаттуу көрсөткүчкө жетишине шарт түзөт.

2018-жылдын январь-октябрь айларынын жыйынтыгы боюнча ички дүң өнүм 2 пайызга көбөйгөн, “Кумтөр” кенин эске албаганда, экономиканын өсүшү 2,6 пайыз чегинде катталган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM