Биз менен байланышыңыз

Атамбаевдин байлыгынын мыйзамдуулугу текшерилет

Без рубрики | 26 Ноя 2018 | 566 | 0

Бул ишти кайсыл орган аткарышы абзел?

Конституция боюнча Башкы прокуратура иш козгойт же көзөмөл жүргүзүү милдетин аркалайт. Мына ошол функциясына таянып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке ишти карап чыгуу боюнча тапшырма бергени туура багыт. Эми бул жерде балким кономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын жардамы да тийиши мүмкүн. Ал эми Түркиядагы бизнестери тууралуу маселени карап чыкканга УКМКнын мүмкүнчүлүгү жетиштүү.

Ачык-айкындуулук жана бейтараптуулук болуш үчүн эмне кылыш керек?

Депутаттык же жарандык комиссия түзүүнүн азыр кажети жок. Алмазбек Атамбаев байлыктары тууралуу айткан сөздөрү, ЖМКга жарыяланып жаткан маалыматтардын чын-төгүнүн текшерип чыгышат. Сөзсүз кылмыш козгоо же камап коюу деген жок. Бирок кылмыш жазык кодексинде “мыйзамсыз баюу” , “бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу” деген бар. Бирок Алмазбек Атамбаев мамлекеттик кызматтан чет жүргөндө 2003-жылдары ишкердик менен байыганын айтып келет. Мына ошонун аныктыгын текшерип, мыйзам чегинде баа бериш керек.

Адилетүү текшерүү болоруна ишенсек болобу?

Ишенсек болот. Анткени Атамбаев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Коррупцияга каршы кызматын өзү түзгөн. Мен “Ата Мекен” партиясы менен иштеп жүргөндө, ал адилеттүү иштейт, баары мыйзам чегинде болот деп кепилдик беришкен. Мына эми адилеттүүлүктү көрөбүз. Айта кетүүчү жагдай бул текшерүү Атамбаевдин өзүнө да пайдалуу. Эгер чын эле топтогон байлыгы мыйзамдуу болсо, ал ачыкка чыгып, мындан ары эл кодулабай калат.

 

Эгерде Атамбаевдин мыйзамсыз байлык топтогону , аныкталса жоопко тартуунун жолдору барбы?

Бар. Баш мыйзамда экс-президент мыйзам бузганы аныкталса, аны жоопкерчиликке тартууга жолдор каралган. Тоскоолдуктар жана олуттуу кыйынчылыктар жок. Азыр президент Сооронбай Жээнбеков бул маселеге үтүр эмес, чекит коё турган убакыт келди.

Маегиңизге рахмат.

 

 

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM