Биз менен байланышыңыз

Келдибеков: Президенттердин ишине туура баа берилди

Кыска кабар | 24 Ноя 2018 | 573 | 0

Курултайда ачуу сын пикирлердин айтылганы туура. Мындай баасын Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышынын депутаты Ахматбек Келдибеков берди.

Анын айтымында, жыйынга президент, өкмөт жана парламенттин өкүлдөрү келип катышуусу жакшы жагдай. Себеби курултайда айтылган ар нерсе талданып, иш жүргүзүлөт. Андан кийин тиешелүү жыйынтыктар чыгат.

-Курултай Баш мыйзамда каралган институт болуп эсептелет. Ошону үчүн курултайдын өтүп жатканына баардык бийлик өкүлдөрүнүн келип катышуусу туура. Ал эми баа берүү келечекте мурункулар кетирген кемчиликти кайра кайталабоо болуп эсептелет.

Мындан тышкары, Ахматбек Келдибеков курултайда экс-президент Алмазбек Атамбаевдин ишмердүүлүгүнө жана аракеттеги мамлекет башчынын ишине берилген баага кошулат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM