Биз менен байланышыңыз

Түштүк Суданда Facebookтагы аукцион аркылуу кызды сатышты

Дүйнө | 24 Ноя 2018 | 853 | 0

Түштүк Суданда 17 жаштагы кызды Facebook баракчасына аукционго коюп күйөөгө беришти. Бул туурасында CNN жазды.

Адаттан тышкаркы жарнама сайтта 25-октябрда пайда болгон. Кийинчерек ал билдирүүнү анын ата-энеси эмес, анын тааныштары жайгаштырганы маалым болгон.

Онлайн аукционго 5 киши катышкан. Алардын арасында колунда бар чиновниктре да бар болчу. Жыйынтыгында судан кызын 3 автоунаа, 10 миң доллар жана 500 уй сунуштаган кишиге сатышкан.

Кийинчерээк укук коргоочулар Facebookтун жетекчилигинен контентти текшерип турууну талап кылышты. Бирок CNNдин маалыматы боюнча ресурстун жетекчилери аукцион боюнча 9-ноябрда угушкан, ал эми эки тараптын үйлөнүүсү 3-ноябрда болгон.

Бул боюнча соцтармактын өкүлдөрү билдирүү таратышты. “Биз ал билдирүүнү өчүрдүк, колдонуучуга чектөө киргиздик”,-деп айтылат маалыматта.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM