Биз менен байланышыңыз

Аба булгангандан улам Австралияда асман «ток сарыга» боелду(сүрөт)

Дүйнө | 24 Ноя 2018 | 684 | 0

Австралиянын түштүк-чыгышында болгон боорондон улам асман ток сары түскө боелду. Жаңы Уэльсте аба кескин булганып, ден соолукка зыяны кескин түрдө өстү. Бул туурасында дүйнөлүк басылмалар жазды. Метеорологдордун айтымында катуу шамалдан улам кургак жер сапырылып, кум асманга көтөрүлгөн. Анткени августтан бери бул аймакта кургактык орун алып келет. Бул кышта Австралиянын чыгышында жамгыр жааган эмес. Мындан улам жер кургак болуп, күнгө күйүп калган.

22-ноябрда Жаңы Түштүк Уэльстин бийлиги чаң баскан шамал боюнча эскертүү берген. Ал эми мындай абалдан улам авиарейстер үзгүлтүккө учурган.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM