Биз менен байланышыңыз

Газа секторунда 100дөй киши жаракат алды

Дүйнө | 24 Ноя 2018 | 538 | 0

Газа секторунда палестиналыктар менен израиль аскерлери ортосундагы кагылыштан кийин 100дөн ашык киши жаракат алды. Кызыл ай коомунун билдиришинче 14төн ашык киши ооруканага жеткирилген. Ал эми палестиналык массалык маалымат каражаттарынын билдиришинче Израильдин коопсуздук кызматы ыйлатуучу газ менен гранаталарды жана желим окторду колдонушкан.

Эске салсак, буга чейин палестиналык согушкерлер Израилдин түштүк тарабынан 500 ракета жөнөтүшкөн. Ага жооп катары Тель-Авив Газа секторундагы жүздөгөн объектти жок кылган. Анда кагылышты Египеттин ортомчулугу менен токтотушкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM