Connect with us

Кыргызстанда кесибин «ээсиз» калтыргандар көп

Билим-маданият | 23 Ноя 2018 | 837 | 0

6 млндон ашык калкы бар Кыргызстанда 60тан ашык жогорку окуу жай бар. Бирок бул сандар чакан мамлекет үчүн көп экенин айтып, сандан сапатка өтүү сунушун бергендер да жок эмес. Анткени жыл сайын 40 миң студент диплом алганы менен, алардын көпчүлүгү жумушсуз калганы же тандаган кесиби боюнча жумушка орношпой келе жатканы айдан ачык. Бул маселе бүгүн жогорку окуу жайлардын ассоциациясынын форумунда да көтөрүлдү.

Расмий маалыматтарга ылайык, жыл сайын жогорку окуу жайды аяктаган студенттин 60-70% өзүнүн адистиги боюнча жумуш орундары менен камсыз болот. Көпчүлүгү өзү тандаган багытта жумуш орундары жок болгондуктан башка адистик боюнча жумушка кирүүгө аргасыз болушат. Айрымдар таптакыр жумушсуз калат.

Бул маселе жогорку окуу жайлардын ассоциациясынын форумунда да көтөрүлдү. Бүтүргөн студенттердин жумуш орундары менен камсыз кылуу жана алардын кесипкөйлүгү негизги максат катары каралды. Ассоциациянын төрагасы Абдылда Мусаевдин айтымында буга комплекстүү кароо керек.

Жогорку окуу жайлар жана эмгек рыногу. Бул негизги маселе. Эмгек рыногунда кайсы кесипке суроо-талап жогору. Эмгек рыногу талап кылып жаткан адисти биз кандай чыгарып жатабыз. Атаандаштыкка канчалык туруштук берип жатканын изилдөө маанилүү.

6 млндон ашык калкы бар Кыргызстанда 63 жогорку окуу жай бар. Жыл сайын 40 миңден ашык студент жогорку билимдүү болуп университетти аяктайт. Бирок айрымдар Кыргызстан сыяктуу чакан мамлекетте 63 жогорку окуу жайдын болгондугу көптүк кыларын белгилеп, сандан сапатка өтүүнү сунушташат. Эл өкүлү Канат Керезбеков сапатка өтүүдө сандын көп болушу атаандаштык үчүн керектигин белгилейт. Сапат качан гана шарт түзүлгөндө келерин айтат.

-Шарт түзүү керек. Студентке да, мугалимдерге да шарт түзүү маанилүү. Эгерде студенттерге шарт түзүп, мугалимдерге жакшы маяна берилсе анда талап да коюлат.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Кудайберди Кожобековдун айтымында, бул багытта аккредитациянын жаңы ыкмасы, квалификациянын жаңы системасы альтернативдүү жолдорду ачат.

-Ишке барган бүтүрүүчү эмне үчүн жумушка орношпой калып жатат? Анткени иш берүүчү күткөн нерсени бүтүрүүчүлөр бере албай жатат. Ошондуктан иш берүүчү менен биз даярдап жаткан адистин байланышын аныкташыбыз керек.

Ал эми аймактагы көрүнүш борборго караганда жакшыраак. ОшМУнун ректору Каныбек Исаковдун билдиришинче, аталган окуу жайда жылына 5 миңдей студент диплом алып, окуусун аяктайт. Алардын ичинен бюджеттик негизде окугандардын 98%, келишим менен окугандардын 70% жумуш менен камсыз болушат. Анткени окуу жай өзүнчө жарманкелерди уюштуруп, анда кеминде 2 миң бүтүрүүчү жумуш менен камсыз болот.

-Аймактарда абалдар бир топ жакшы. Бизде бүткөн студенттер дагы борборго агылып, аймактарда жумуш орундары көбүрөөк болот. Ошо менен бирге жыл сайын жарманке уюштуруп турабыз. Ошол иш-чарада иш берүүчүлөр менен биздин студенттер байланыш түзүп кетишет.

Маалыматка ылайык, өлкө аймагы боюнча 63 жогорку окуу жай бар. Алардын 31 мамлекеттик.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM