Марал Радиосу

Жалал-Абад: Тарбиячыга кылмыш иши козголду

Жалал-Абад шаарындагы №21 бала бакчасынын тарбиячысына карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу облустук ИИБнин маалымат кызматы билдирди.

Шаар тургуну Дилфуза Жаратова өзүнүн 3 жаштагы кызын тарбиячысы уруп койгондугу боюнча Жалал-Абад шаардык милициясына кайрылган. Арыздын негизинде Кылмыш жаза кодексинин 161-беренеси («Жашы жетпегенди тарбиялоо боюнча милдеттерди аткарбоо») боюнча кылмыш иши козголду.

Тарбиячы үй кам агына алынып, тергөө иштери жүрүп жатат.

Жалал-Абадда балдарга орой мамиле кылган тарбиячы иштен алынды