Биз менен байланышыңыз

Ошто филармониянын 30 жылдыгы белгиленет

Кыска кабар | 22 Ноя 2018 | 645 | 0

Эртен, 23-ноябрда Ош облустук Р.Абдыкадыров атындагы филармониянын 30 жылдыгы белгиленет. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат кызматы билдирди

Иш-чарага Б. Мадазимов атындагы эл аспаптар оркестри, “Нуска” жана “Заман” фольклор топтору, эстрада ырчылар жана бийчилер катышат.

Филармониянын жамааты Монголия, Кипр, Түркия, Португалия, Кытай, Орусия, Түштүк Корея, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан өлкөлөрүнө барып, Кыргызстанды чет элге таанытууга салым кошуп келет.

Азыркы тапта филармонияда Эл артистери Ж. Алыбаев, Г. Садыбакасова, С. Матиев баштаган жалпы жамаатта 130 адам эмгектенет. Учурда мекемени Эл артисти Гүлшайыр Садыбакасова жетектейт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM