Connect with us

Атамбаев: Жээнбеков Мырзакматовдун жанында «көлөкөдөй» болуп турчу

Кыска кабар | 19 Ноя 2018 | 1601 | 1

Президент Сооронбай Жээнбековдун 2010-жылы Ош окуясында бир гана карьерасын эмес, өмүрүн да тобокелчиликке салганын айтканы боюнча Атамбаев буларга токтолду.

-Шайлоодон алдын Жээнбековдун рейтинги 3 пайыз болгон. 2010-жылы Мелис Мырзакматовдун жанында көлөкө гана болуп турат болчу. Ал учурда мага кыргыз жана өзбек коомчулугу Жээнбеков тууралуу эч нерсе айткан эмес. Ал коомчулукта такыр болбогондой жүргөн. Келдибеков, Ташиев, Мырзакматов тууралуу  пикирлерди айтышкан.

Жээнбековдун “ал “досум” жана “партиялашым” деген сөздөрдү колдонууну жактырат. Бирок чыныгы достор, партиялаштар мындай аракетке барбайт” деп берген интервьюсу боюнча Алмазбек Атамбаев мындай деди.

-Биз Жээнбеков менен 24 жыл достошконбуз. Мен анын депутат болгон кезин көрдүм. Вице-спикер, 2007-жылы премьер-министр болду. Анын суранычы менен агасы Жогорку Кеңешке 3 жолу депутат, 2 жолу спикер, ал эми өзү президент болду. Чоң байкесин 2 жолу элчи кылып дайындадым. Кээ бир адамдар бар көп жылдар бою достордун аркасына туруп жашашат. Кийинчерээк мамиле башкача болуп кетет. Бул нерсе Жээнбековго тиешелүү.

1 пикир

1 пикир

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM