Биз менен байланышыңыз

Атамбаев: Кыргызстанды парламенттик өлкө кылууга жетишкен жокмун

Кыска кабар | 19 Ноя 2018 | 467 | 0

Конституцияны өзгөртүү маселесин көтөрүү менен каршылаштарыңыз көбөйдү, бул нерсеге өкүнбөйсүзбү деген соболго экс-президент Алмазбек Атамбаев мындайча пикирин калтырды.

Ал Конституцияны өзгөртүү менен көп ыйгарым укуктар, премьер-министр жана парламентте болмок деген оюн билдирди. Ал буга мисал катары: «Жакында гана Кыргызстанды парламенттик өлкө кылам дегенге каршы болуп жүргөн бирөө менен кезигип калдым. Ал мамлекетти парламенттик өлкө кылуу керектигин айтты. Мен ага «ошону кааласам, каршы чыктыңар» дедим. Ал болсо «анткени сиз премьер-министр болосуз деп ойлогонбуз» — деди.

Атамбаев мындан тышкары, кызматтан кеткенден кийин премьер- министр болуу такыр оюнда болгон эместигин белгиледи.

«Парламенттик өлкө кылуу боюнча ишимди аягына чыгарбаганыма өкүнөм. Себеби күчтүү, реалдуу парламенттик өлкөдө депутаттар президент катары каршы тура алышат. Ошондо гана соттук реформа болот».

Экс-президент: сот системасын реформалоо үчүн каржылоону 5 эсеге көбөйткөм. Аймактардан шаарга көчүрүп келип көргөм, өзгөрүү болгон жок. Атамбаев сот реформасын кылбады деп айтышат, эгерде парламенттик өлкө кылганда, анда өзгөрмөк. Конституцияны өзгөртпөсө, сот системасы жакшы болбойт» — деди маегинде.

 

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM