Биз менен байланышыңыз

Атамбаев: Мен макулдашкан гранттардын пайдасы тийип жатат

Кыска кабар | 19 Ноя 2018 | 532 | 0

Экс-президент Алмазбек Атамбаев анын бийлиги учурунда тышкы карыздын көлөмү өскөнү боюнча суроого да жооп берди.

Анын айтымында, Атамбаев президент болуп турганда бир катар келишимдерге кол коюлуп, андагы гранттар эми аткарылып жатат. Быйыл жана кийинки жылдары анын аракети менен бөлүнгөн гранттарга Бишкекте жол курулат.

«Газпром» компаниясы Нарынга спорттук комплекс курганын,  алдыда дагы ондон ашуун комплекс ачыларын кабарлады.

Араван цемент заводунун ачылышына Кыргыз-орус фонду менен сүйлөшүп, жарым млрд доллар грант алганын да айтты.

Ошондой эле Кытай лидери Си Цзиньпин менен сүйлөшүп, «Орусиядан байсыңар, алар жарым млрд беришти. Силер андан көп бересиңер» деп айтканын, ал ага макул болгонун билдирип, мындан ары да бир нече жыл бою Атамбаев түзгөн гранттык келишимдери менен жашаса болоруна ишендирди.

«Мага мамлекет жолсуз, акчасыз абалда келди. Ал эми аларчы мамлекетти кандай абалда алышты? Жарым млрд грант кой багууга эмес, экономика үчүн маанилүү болгон  энергетика, жол үчүн  кетти. Гранттар акчалай, техникалык болгон. Мисалы, самолет алуу сыяктуу. 3,5 млрд доллар болгон», — дейт Атамбаев.

Ал мындан тышкары, Украинада тышкы карыз 7 эсе жогорулаганын, кээ бир шаарларда жылуулук жоктугун, анын тушундагы бийлик өлкөнү сактап, экономиканы өнүктүрдү деген оюн айтты.

«Мени тилемчи деп да айтышты. Кытай жардам берди. Орусия эң көп жардам берди. Биз дайыма эстешибиз керек».

Атамбаев муну менен катар, Чолпон-Атадагы ипподромдон, Тарых музейинен да акча жеп калгандарды аныктоо керектигин белгилейт.

«Акча табуу тапшырмам болгон, куруу үчүн. Турак үйлөр да гранттык негизде болгон. Эми алар курулбайт. Эгер курулса, бюджеттен алынат. Алардын иши мага жалаа жабуу болуп жатат. Турдакун Усубалиевдин учурунда да болгон», — дейт экс президент.

 

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM