Биз менен байланышыңыз

Атамбаев: Илмияновдун оозун жабуу үчүн камашты

Кыска кабар | 19 Ноя 2018 | 723 | 0

«Икрамжан Илмиянов акча керек болгондо менден алышын, бай экенимди билген. Балким, ал кандайдыр бир маселени чече алышын көрсөткүсү келгендир. Анын пара алганына ишенбейм. Коррупциядан улам эмес, президенттик шайлоодогу көмүскө иштердин билген үчүн камады»- мындай пикирин мурунку президент Алмазбек Атамбаев билдирди.

Анын айтымында, Илмияновго коюлган айыптоолор жалган. Аны оозун жабуу үчүн камашты. Ал түрмөдөн чыкканда чындыкты айтаарына ишенет.

Экс-президент Акаев, Бакиевдин убагында үй-бүлөлүк кландык система болуп, Атамбаевдин күзөтчү,  айдоочусу болду деген суроого мындай жооп берди.

«Икрамдын уюштуруучулук таланты болгон. Ал эми андан башкасы айдоочу болуп иштеп келишет. Ал эми мурдагы 2 күзөтчүм тууралуу айтсам, Болот Сүйүнбаев УКМКнын төрагасынын орун басары. Ал кызматка баргандан кийин УКМКдан туура, чын маалыматтарды ала баштадым. Ал эми Улан Исраилов Ички иштер министри болуп турганда кылмыштардын эсебин түздү, — деп билдирди Атамбаев.

Ошондой эле Болот Сүйүнбаев тууралуу ушактар чыгарын, ага акча керек болсо айт дегенин  кошумчалады.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM