Биз менен байланышыңыз

Атамбаев: Байлыгымды кызматка чейин тапкам

Кыска кабар | 19 Ноя 2018 | 961 | 0

Азыркы тапта экс-президент Алмазбек Атамбаев «Апрель» телеканалы аркылуу элге кайрылуу жасап жатат.

Ал байлыгына байланыштуу 2017-жылы 100 млн сом таап, 77 млн сом короткону тууралуу суроого жооп берди.

Атамбаев байлыгы 100 млн сом эмес, 111 млн сом болгонун белгиледи. Анткени 2017-жылы бир ишканасын саткан экен.

«Байлыгым боюнча документти, кирешелерди көрсөткөнү келдим. Мен 1989-жылдан 2000- 2005-жылга чейин ишкерлик кылгам. Китептен тапкам, заводдордун акциясын сатып алгам. Ошондой эле Туркияда жана Орусияга инвестиция кылгам. Бизнесим Кыргызстанда да жакшы болгон. 1999-жылы ишканамдын төлөгөн салыгы «Кумтөрдүн» төлөгөнгө барабар болгон», -дейт Атамбаев.

Түркиянын Измир шаарындагы ишканасы тууралуу айтып, анын 90 пайызы Атамбаевдики, 10 пайызы башканыкы болгонун белгилейт.

«3 жыл иштеттим, дивидендди бөлгөнбүз. Банкка биз өнөктөш менен иштегенди белгилеп, банкка документ тапшырып турганбыз. Андан соң акчаны пайыздык көрсөткүч менен бөлүп эсебибизге салып же накталай төлөшчү. 2002-жылы 6 жолу дивиденд алгам».

Атамбаев 2006-жылы 6-июлда 5 млн 356 062 доллар киреше алгамн. Бул  бир гана ишканадан түшкөн акча болуп саналат.

Мындан тышкары Форум, завод, ресторан иштеткенин, байлыгын мамлекеттик кызматка барбай туруп тапканына ишендирди.

«Кээ бирлери Апрель революциясына чейин нанга акча табышчу эмес. Ошол учурда мен аларга карызга акча берип тургам. Алар революциядан кийин миллионер болуп чыга келишти», — дейт экс президент.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM