Биз менен байланышыңыз

Тигүүчүлөргө мамлекет ипотека берет

Экономика | 17 Ноя 2018 | 852 | 0

Кыргызстандын тигүү тармагында иштеген кыз-келиндерге өкмөт ипотека бериши мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн 16-ноябрда тигүүчүлүк өндүрүш боюнча өткөн форумда өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев айтты.

Тигүү цехинде иштегендердин баары эле айылдан келгендер түзөбүз. Батирде жашайбыз. Ошондуктан алган маянабыз батирдин акысы менен жеген тамагыбыздан ашпайт. Мени менен иштегендердин басымдуу бөлүгү шарты жок батирлерде турушат.

Бул Бегимай Сакеевa. Соңку 8 жылдан бери Бишкекте тигүүчүлүк менен  иштеп келет. Айына 15-18 миң сомго чейин табат. Бирок ошол күндөн бери шарты жок төрт тарабы цементтен турган муздак имаратта иштейт. Тапкан акчасы батирдин ижара акысынан ашпайт.

Бүгүнкү күнү Бегимай айткан тигүү цехтеринде иштеген кыз-келиндердин саны абдан көп. Анысы аз келгенсип, баасы арзан батирлерде күн кечирүүдө.

Ушундай шартта өлкөнүн ички дүң өнүмүнүн үчүнчү болуп эң чоң үлүшүн түзүп жатканына эч ким ишенбесе керек. Бирок ден соолугун садага чаап, турак-жай алам деп жүргөн тигүүчүлөргө эми мамлекет ипотека бериши мүмкүн. Бул  тууралуу өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев тигүүчүлүк өндүрүш боюнча биринчи жолу өткөн форумда айтты.

Албетте, бул маселе бар. Ошондуктан быйыл Мамлекеттик ипотекалык компанияга 500 млн сом бөлүп жатабыз. Бул компания тигүүчүлөргө дагы жеңилдетилген шартта турак жай берүү боюнча долбоорду даярдасын! Албетте, ал үчүн бир катар документтер талап кылынат. Бирок анын тартибин биз карап чыгабыз. Бактыбек Абылкасымович, келиңиз бул боюнча дагы бир отуруп сүйлөшөлү. Балалуу энелерге шарт түзүп беришибиз керек. 

Бул кабар тигүү тармагында ишкердик кылган Жумагул Сариева үчүн күтүүсүз жаңылык болду. Анткени турак жай маселеси оң жолго коюлса, тигүү тармагы жаңы деңгээлге чыгат деп жатат. Себеби бул кадам биринчиден, ишкерлердин ачык иштөөсүнө жол ачса, экинчиден, жаш үй-бүлөөлөрдүн чатырлуу болушун камсыздап берет.

Премьер-министрге ушунчалык ыраазы болуп жатам. Мындай болот деп таптакыр ойлогон дагы эмеспиз. Анткени тигүүчүлөргө үй карап, алардын үй-бүлөсүнө көңүл буруу бул абдан жакшы көрүнүш. Энеге кайсы жерде болбосун шарт болушу керек. Бул жерде биздин колдогонубуз жетишсиз болчу. Эми минтип өкмөт көңүл буруп жатканы түшкө кирбеген окуя болуп отурат.

Кыргызстанда биринчи жолу тигүү тармагы боюнча жумалык Эл аралык уюмдардын колдоосу менен өттү. Буга БУУ жана Эл аралык эмгек уюму колун сунуп келди. Өлкөнүн жеңил өнөр жайын мындары ары бир жолго салыш үчүн эң алгач жол картасын иштеп чыгуу турганын Бириккен улуттар уюмунун Кыргызстандагы координатору Озонниа Ожиело белгилейт. Буга кошумча кадрларга өзгөчө көңүл бурууга чакырат.

Бүгүн форумдун алкагында жигердүү диалог болгонун көрүп турам. Жеке сектор менен өкмөт ачык сүйлөштү. Чындыгында, өкмөт тигүү тармакты колдойбуз дегени бизди кубандырат. Анткени көп маселе саясий жактан чечилүүсү керек. Андан соң гана ишкерлер жумушту улантат. Бүгүн сиздер менен отуруп, эки негизги көйгөйдү көрдүм. Биринчиси, бул тигүү тармагынын өнүгүү жол картасынын жоктугу. Экинчиси, маркетинг жана дизайнер боюнча кадрлардын жетишсиздиги. Эгерде бул эки маселе бирдей нукта алып барылбаса, өнүгүү болбойт. Ошондуктан конкреттүү кадамдар белгилениши керек. 

 Ал эми өкмөт тигүү тармагындагы ишкерлерге пайыздары төмөн насыяны жеткиликтүү кылуу үчүн чечимдердин кабыл алынганын айтууда. Форумдун алкагында премьер-министр ал үчүн «Айыл Банк» менен РСК банктарына 3 млрд сом капиталдаштырылганын жана келeрки жылдын 1-январынан тарта ишкерлердин колуна жетeрин кабарлады.

Мен сиздер иштеген тармакка жардам берейин деп максат койдум. Бул эмне жардам? Биринчиден, каржы маселеси… Бүгүнкү күнү пайызы жогорку насыяларды алып иштеп жатасыздар. Эми насыя жагынан жеңилдик болот. Кечээ парламентте келерки жылдын бюджетин биринчи окууда коргодук. Ошол жерде миллиарддаган сомбду бизнеске салалы дедик. Эгерде биз 1 млрд сомду насыя алуу үчүн коюп жатсак, бул алдыда төрт эсеге чейин көбөйөт. «РСК Банкты» 2 млрд сомго капиталдаштырган жатабыз. Демек дагы 8 млрд сом экспортко багытталган ишкерлерге бере баштайбыз.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын тигүү тармагы  экспорттун  эң чоң үлүшүн түзөт. Алтын жана айыл чарба продукцияларынан кийинки эле орунда турат. Быйыл 8 айында эле 157 млн долларга экспорт жасалган.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM