Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков Атамбаев жөнүндө: чыныгы достор мындай аракетке барбайт

Кыска кабар | 16 Ноя 2018 | 1296 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков жергиликтүү маалымат агенттиктеринин бирине берген маегинде экс-президент Алмазбек Атамбаев тууралуу төмөндөгүлөргө токтолду.

Анда шайлоодон алдыңкы урааны «Кыргыз көчү жолун улайт» дегени, Атамбаевдин жолун улантуу деген мааниде эместигин билдирди.

Менин “Продолжить путь” деген лозунгум кыргыз тилинде “Кыргыз көчү жолун улайт” деп айтылат. Бул жол менин же сиздин, же болбосо кимдир бирөөнүн эмес. Бул жол башаты ата-бабаларыбыздан башталган өлкөнүн, элдин жолу. Жетекчилер, президенттер келет жана кетет. Ал эми эл жана анын кылымдар бою келе жаткан көчү улана берет. Дал мына ушул жолду мен улантып жатам жана улантам”, — деди.

Ошондой эле Алмазбек Атамбаев менен акыркы жолу 29-мартта КСДПнын съездинин алдында жолукканын айтты. Анда алар 4 сааттан ашуун сүйлөшүп отурушкан. «Мындан соң биз сүйлөшкөн жокпуз»,- деп кошумчалады.

Атамбаев экөөнүн ортосунда эмне болгондугун ачык-айкын маалымдады.

-Мен үчүн анын инаугурациямдан 4 ай өткөн соң, жоопкерчиликтүү президенттик кызматтын оор кырдаалында 31-мартта берген билдирүүсү күтүүсүз болду. Анда ал мени Бишкек ЖЭБдеги коррупция жана аварияга байланыштуу күнөөлөгөн.

Президент Сооронбай Жээнбеков Атамбаев менен эч качан айрылышуу тууралуу сүйлөшкөн эместигин айтты. “Менден үчүнчү тараптын тапшырмаларын укчу жетекчи кылуу аракети, аракетимди жетектөө – мунун баары ага адам катары, экс-президент катары, партиялаш жана дос катары да абийир алып келбейт”, — деди Жээнбеков.

Ага анын мындай аракеттери түшүнүксүз болгондугун белгилеп: “Ал мына ушул 20 жыл боюнча көп айтат, а мен ошончо жыл бою жөн отурган жокмун да. Биз партиялаштар баарыбыз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарындагы партиянын позициясын бекемдөө үстүндө иштегенбиз.”

Аны менен катар КСДПнын рейтинги Ошто нөл болуп турган кезде пикирлеш жана тарапташтар менен партиялык түйүндөрдү ачып, кыска убакытта партия шайлоочулардын ишенимине кирүүгө жетишкендигине токтолду.

Ал “досум” жана “партиялашым” деген сөздөрдү колдонууну жактырат. Бирок чыныгы достор, партиялаштар мындай аракетке барбайт”, — деп белгиледи.

Жээнбеков 2009-жылы КСДП партиясынан президенттик кызматка талапкердин штабын жетектеген. Президенттин айтышынча, ал учурда ошондогу режимден коркуп Атамбаевди колдоого аз адам гана батынчу.

“Ал эми 2010-жылы түштүктө болгон окуяда өлкөнүн биримдигин сактап калуу үчүн бир гана карьерамды эмес, өмүрүмдү тобокелчиликке салгам. Мындайды айтып, көкүрөк каккым келбейт, бирок реалдуулук ошондой болгон. Ал бул нерсени жакшы билген жана билет”, — деп кошумчалады.

Ошондой эле: “Анын политтехнологдорунун жактырган тренди мени «саткын» деп атоо болуп саналат. Кимдин ким экендигин убакыт көрсөтөт”, — деген пикирин айтты.

КСДПнын штабында, өзү чыккан партияда ага карата сындардын айтылышы боюнча мындайча билдирди: “Мен мамлекет башчы кызматында иштейм. Катуу күрөшкө дайым даярмын. Эч бир нерсе оңойго турган эмес. Күрөш, эмгек – ийгиликтин негиздери. Дайыма жөндүү сындарды кабыл алып, каталарымды оңдойм. Бул нерсе мамлекеттик ишмер үчүн кадимки процесс болуп саналат. Негизгиси, сын ашынган жана долуланган  болбошу керек”, — деди.

Мамлекетти чыңдоо, өлкөнү жана парламенттик демократияны өнүктүрүү, адам укугун жана сөз эркиндигин сактоо негизги мамлекеттик принциптерди карманам жана карманууну улантарын айтып, кебин жыйынтыктады.

 

Copyright © 2017 Maral FM