Биз менен байланышыңыз

Келерки жылы бюджеттин тартыштыгы эки эсе кыскарат

Экономика | 15 Ноя 2018 | 707 | 0

Өкмөт 2019-жылы бюджеттин тартыштыгын эки эсе кыскартат. Бул тууралуу бүгүн 15-ноябрда Жогорку Кеңеште премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев айтты.  

Алдыңкы жылдарга каралган бюджеттин долбоору негизинен өлкөнү туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук стратегияга шайкеш даярдалды. Буга кошумча  дүйнөдө экономикасы күчтүү саналган мамлекеттердин прогноздору эске алынды.

Келерки жылы Кыргызстандын ички дүң продукциясынын көлөмү 4 пайыз деңгээлинде сакталаары күтүлүп жатат.

Биз келерки жылдын бюджетиндеги негизги өзгөчөлүктөргө токтололу. 2019-жылы сырттан келген каражаттар бир гана экономикага салым кошо турган  долбоорлорго жумшалып, өнүгүүгө багытталаарын өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев  белгиледи.

Сиздерге сунушталып жаткан долбоор, бюджеттин ички чыгашаларын өзүбүз ички булактардын негизинде каржылап,  тышкы гранттар өнүгүү долбоорлоруна гана жумшала турган максаттуу бюджет болот. Бюджеттин киреше-чыгашаларынын ичинен атайын эсептердеги 9,4 млрд сомго көңүлүңүздөрдү бургум келет. Министрликтер менен ведомстволордун атайын эсептерине ошол каражат топтолот. Бирок бул сумманы мурдагыдай пайдалануу эмес, эффективдүү сарпталышына көзөмөлдөп толук өнүгүүгө жумшайбыз.   

2019-жылы бюджеттин тартыштыгы эки эсе кыскартылат. Мындай жетишкендик 2018-19-жылдарга 10 млрд сомго азайтуу менен жетишилет.  Үч жылдан кийин Кыргызстан чыгашасы кирешеден ашпай турган бюджетке өтөт.Натыйжада  2020-21-жылдары тартыштык толук  жоюлаарын өкмөт убада кылып жатат.

Келерки жылдагы тартыштык, 20 млрддан  10млрд сомго кыскартылганын сиздерге алып келип жатабыз. Ошол эле мезгилде биздин болжол менен 2020-21-жылдарда  тартыштыгы жок бюджет болот. Ага жетиш үчүн киреше потенциялын жогорулатабыз. Чыгымдардын эффективдүүлүгүн жогорулатабыз.

Кийинки жылдан тарта жергиликтүү бюджетке салыктан түшкөн каражаттын 70 пайызы аймактарда калтырылат. Бул айылдарды өнүктүрүүгө чоң түрктү бере турганын премьер-министр айтып жатат. 2 млрд 100 млн сом аймактарда калат жана дотацияда турган айыл өкмөттөргө 3 жылга чейин теңдөөчү каражат болуп  берилет.

Өкмөттүн айыл-аймактарды көтөрүү саясаты туура ташталган кадам болуп берерин, экономист Мейманбек Абдылдаев айтты. Анткени аймактарда ачылган жаңы жумуш орундары ар бир үй-бүлөнүн социалдык-экономикалык маселелерин чечет. Ошондуктан мунун аткарылышын гана дыкат көзөмөлгө алуу керектигин  айтат.

Экономикага инвестиция болсо, анда өсүш реалдуу болот. Анткени биздин дыйкан-фермерлер бажы биримдигинин шарттарын түшүнүп калышты. Тышкы инвестиция айылдарга барса, жакшы көрүнүш болмок. Анткени аймактарда айдалбай калган жерлер гектарлап жатат. Аларды ишке киргизүү менен айыл чарба тармагын 15 пайызга чейин көтөрсө болот.

Ошону менен кийинки жылдын бюджети дагы социалдык багытта болуп калды. Пайыздык көрсөткүчүн алганда 47 пайызга туура келгенин Каржы министри Адылбек Касымалиев маалымдады.

Бюджеттин  29 пайызын социалдык тармак түзөт. Бирок 18 пайыз Социалдык фонд менен милдеттүү медициналык камсыздандырууну кошкондо 47 пайыз болуп, 2019-жылдын бюджети дагы социалдык багыттагы бюджет десек жаңылышпайм.

Чындыгында эл өкүлдөрү дагы социалдык тармактагы маселелерди көтөрүштү. Депутат Зиядин Жамалдинов айлык акы маселесине токтолду.

2019-жылы кабыл алынып жаткан бюджетте кайсы тармактардын маяналары көтөрүлөт? Тактап айтып берсеңиздер

Жыйын соңунда кийинки жылдын бюджети жана жана 2020-21 жылдардын болжолун Жогорку Кеңеш биринчи окууда колдоп берди.

 

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM