Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда жыштыктын баасы роутердикине теңелди

Экономика | 10 Ноя 2018 | 712 | 0

«Нур Телекомго» мыйзамсыз сатылды деген жыштык боюнча иш Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына өттү.  

«НУР Телеком» ЖЧКсы жыштыктарды аукционго катышпай туруп сатып алган деген маалымат боюнча  иш териштириле баштады.  Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева  “НУР Телекомго” 2 лицензияны мыйзамсыз берилгени тууралуу Башкы прокуратурага жана Коррупция менен күрөшүү кызматына кат жөнөттү.  Анда эл өкүлү мыйзамсыз делген  экинчи  5 МГц жыштыктын 1000 сомго сатылганы шылдыңга алаарлык көрүнүш экенин айтууда.  Бул жыштык аукционго сатыла турган болсо, беш мектепке спорттук зал салганга жете турган каражат түшмөктүгүн биздин редакцияга билдирди.

Экинчи лицензиядагы жыштык техникалык жактан дагы  өтө заманбап саналат. Ошондуктан анын мүмкүнчүлүгү дагы жогору. Эгер конкурска койсо, баасы 300млн сомдон дагы жогору турат. Бул сумма абдан чоң акча. Өкмөт токтом чыгарып аукционго чыгарышы керек эле. Бирок алар аны күтпөй туруп, 1000 сомго сатып жиберишкен. Бул боюнча мен Башкы прокуратурага кат жолдодум. Анда Байланыш комитетинин жетекчилигине жана комиссиянын мүчөлөрүнө укуктук баа  берүүнү сурандым.  

Ал эми Маалыматтык технологиялар жана  байланыш комитети жыштыктарды сатуу процедурасы толук мыйзам чегинде ишке ашканын айтып жатат. Комитеттин жетекчиси Бакыт Шаршембиев буга чейин жыштыктар аукционго коюлбай сатылып келгенин жана бул жолу дагы ошондой ыкма колдонулганын кабарлайт. Анткен менен 5 МГц жыштыктын 1000 сомго сатылганын танбайт.

Бул жыштык мыйзамдуу берилген. Ал кезде Жогорку Кеңешке жаңы мыйзамды алып келгенбиз. Ал 2017-жылдын август айында күчүнө кирген. Ал эми мыйзамсыз деп айтылып жаткан лицензия 2016-жылдын декабрь айында сатылган. Бул учурда аукцион деген түшүнүк жок болчу. Кайсы гана оператор сурап келбесин 1000 сомго берилчү. Ал эми жаңы мыйзамда аукцион негизинде берүү кирип калды.

Ошол эле учурда «О» мобилдик оператору бул маселеге байланыштуу билдирүү таратты. Анда лицензия компания тараптан мыйзамдуу түрдө сатылып алынганын жана коомчулукта айтылып жаткан маалыматтар  компаниянын беделин түшүрүп жаткандыгы үчүн сотко кайрылууга даяр турганын билдирип жатат.  Анда төмөнкүдөй маалымат камтылган:

Компаниянын түрдүү 800, 900, 1800 жана 2100 МГц диапозондордогу радиожыштыктарын колдонуу укугун берүүчү бир нече лицензиялары бар. Алардын баары ар түрдүү мезгилде жана бул тармакта акыркы жылдарда бир нече жолу өзгөргөн мыйзамдын негизинде алынган. Жыштыктардын бир бөлүгү «Кыргыз Республикасындагы лицензиялоо-уруксат берүү тутуму жөнүндө» мыйзамынын процедураларына ылайык, 1000 сомго мамлекет алымын төлөө менен алынган. Бул көрсөтүлгөн мөөнөттө жыштыктарды берүү рыногунун бардык катышуучуларына жана башка байланыш операторлоруна тең мыйзамдуу негиздерде жүргүзүлгөн.  Мисалы, 2016-жылы 900 МГц жыштыгынын диапозонундагы «Нур Телекомдун» лицензиясы боюнча көтөрүлгөн маселелердин алкагында, «Альфа Телеком» ЖАК жана SkyMobile ЖЧК эч кандай аукциондорду өткөрбөстөн, 2G/3G түйүндөрүн куруу үчүн 900 МГц радиожыштыгын 1000 сомго мамлекеттик алымды төлөө менен «Нур Телеком» ЖЧК сыяктуу эле мурда алышкандыгын белгилөө керек.  

Кыргызстанда дагы бир абройлуу байланыш операторунун бири «Мегаком» компаниясы  ушул жылдын январь айында аукционго катышып, бир жыштык уткан.  Анын баштапкы баасы 212 млн сом болсо, алар 400 млн сомдон ашык сатып алышкан.  Бул жерде 1000 сомдук  жыштык сатып алынбаганын  компаниянын маалымат бөлүмүнүн башчысы Жумгалбек Өмүрканов Маралга билдирди.

Бүгүнкү күнү «Мегаком» компаниясы иштеткен жыштыктардын баары мыйзамдуу. Өткөн жылы Байланыш комитети тарабынан уюштурулган аукционго катышып, баштапкы баасы 200млн сомдон ашык суммага коюлган жыштыкты биз 431 млн сомго утуп алганбыз. Демек компания иштетип жаткан жыштыктар мыйзамдуу.  

Бирок мамлекетке караган компаниянын  212 млн сомдук жыштыкты 400 млн сомдон ашык  суммага сатып алып жатканы мыйзамга карама-каршы  болуп жаткан жокпу деген суроо  албетте жаралбай койбойт.

Жыштыктар боюнча маселини көтөрүп жүргөн журналист Шаирбек Маматокторов дагы бирдей  эле көлөмдөгү жыштыктардын ар түрдүү баага сатылышы күмөн жаратарлык иш деди. Ал учурда жыштык эмес, интернет тараткан роутерлердин баасы миң сомдон кымбатка тураарын айтып буларга токтолду.

Жыштыкты бир торт сыяктуу элестетсек, анын бир бөлүгүн «Альфа Телеком» 400 млн сомго сатып алып жатат. Ал эми быйыл ошонун бир бөлүгүн «Нур Телеком» 1000 сомго сатып алды. Ал кантип миң сом болуп калат?  Азыр 1 миң сомго жыштык эмес, интернет тараткан роутерди сатып ала албайсың. Демек бул жерде коррупциялык иштер  бар. Буга компания эмес, мамлекеттик органдар жооп бериши керек.

Дал ушундай эле жыштыкты Казакстан дүйнөлүк биржага чыгарып Лондондо 150 млн долларга сатканы белгилүү.

Ал эми Кыргызстандын шартында быйыл 450-500млн сомго сатылыш керектигин эксперттер айтууда.

 

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM