Биз менен байланышыңыз

Депрессияга кабылгандардын саны өсүүдө

Ден соолук | 9 Ноя 2018 | 1298 | 0

Акыркы жылга алынган маалыматтарга карта дүйнө жүзү боюнча 100 адамдын 13-14 пайызы психологиялык жактан жабыркап, депрессияга кабылат. 

Ысык-Көл облусунун 26 жаштагы тургуну Айгерим Молдобекова мындан 3,5 жыл мурун жеке жашоосуна байланыштуу чоӊ бурулуштарга дуушар болгон. Ошол учурда ал өзүн жакшы сезе албай узак убакытка чейин депрессияга кабылган. Ал убакта маанайы пас болуп, жеке кызыкчылык жоголуп, акыры бул жагдайдан жакындарынын колдоосу менен чыккандыгын айтып берди.

-Мен күтүлбөгөн жерден жеке жашоомдо чон депрессияга кабылгам. Анда жан дүйнөм ооруп, өзүнчө эле бушайман болуп, өзүмдү коерго жер таппай убакыттын өтүшү жай болуп ушундай мезгилди өткөрдүм. Ким билет, ар ким ар кандай убакытты көтөрсө керек. Мен эӊ узак 1,5 жыл бою маанайсыз жүрдүм. Эӊ негизгиси депрессиядан чыгууга менин эӊ жакын адамдарым, ата-энем, бир туугандарым жагымдуу сөздөрү, жагымдуу мамилеси менен ушундай колдоо көрсөтүштү.

Тилекке каршы, мындай кыска жана узак мөөнөттөгү депрессияга кабылган жарандар аз эмес. Ага эӊ негизги себеп социалдык, экономикалык абал, үй бүлөлүк шарт жана мамиле түрткү берерин башка жашоочулар да белгилеп өтүштү. Алардын басымдуусу жан дүйнөнү оор кырдаалдан чыгаруу үчүн психологго кайрылбай, өз алдынча чыгууга аракет кылышат.

Кээ бир учурда жакындарымдын колдоосуна дуушар болуп турган мезгилде жумушумду сурап койсо жакшы. Кээ бир мезгилде абалымды сурабастан тескерисинче урушуп салса депрессияга түшүп калам. Ал убакта эшикке чыгып, сейилдеп көӊүлүмдү ачканга аракет кылам.

Мисалы, ар ким менен уруш-талаш болуп кетүүсү мүмкүн, маанайды суз абалдан чыгарып арылса болот. Ал үчүн өз оюмду башка бирөө менен бөлүшсөм жеӊилдейм.

-Эгер депрессияга түшкөн адам болсо, биринчи китеп окуш керек. Экинчиден жакшы кинолорго, бассейнге барыш керек. Мисалы менин сиӊдим ушул абалга кабылганда көлгө алып барып дарылатып, өзүнө келтирип алдым.

-Аялдарга караганда эркек кишилер көбүнчө спирт ичимдигине же баңгизатына берилип кетишет. Алардын ойлонуусу боюнча ошо менен кырдаалдан чыгуу болуп эсептелет. Албетте мындай кадам менен эч нерсе жеӊе албайт.

Тагыраак айтканда, депрессияга кабылган жарандардын маанайы пас, эч нерсеге көӊүлү келбей тамак ашка табити жоголот. Ал эми кээ бир адамдарда логикалык ой жүгүртүүсү, эс тутуму начарлап, интеллектуалдык процесси жай иштей баштайт. Бул көрүнүшкө бир нече фактор таасирин тийгизе тургандыгын психолог Айканыш Чониева билдирди.

Адам баласы аял кишиби же эркек кишиби маанайы чөккөн учур эӊ жөнөкөй нерседен келип чыгат. Мисалы уйкуда, тамактанууда, эс алууда, чуркагысы келгенде же досторуна жолуккусу келгенде  муктаждыктарга көӊүл бурбаса депрессияга кабылат. Андан чыгуу жолдору мүмкүн болушунча мен ушундай кыйналып жатам, жардам керек деп туруп кайрылыш керек. Мейли психологго барабы, апасы менен сырдашабы же достору менен сүйлөшөбү ичиндеги оюн төгүп алса, бул бир топ жардам берет.

Анткен менен психологго кайрылган жарандар аз гана санда. Анын бир нече себеби айтылат. Мындан улам, Кыргызстанда гана эмес, дүйнө жүзү боюнча депрессияга кабылгандардын саны өсүп, 2020-жылга карата көрсөткүч  дагы 6 пайызга жогорулоо коркунучу бар. Ошондуктан азыр саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан программа иштелип жаткандыгын Бишкек шаардык психотерапия борборунун жетекчиси Кеӊешбек Үсөнов кабарлады.

-Эл деген өздөрү үйрөнүп калган үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору бар. Ошол жерде психотерапевт, психиатр, психолог болсо башка терапевт, кардиолог, невропатологдор алар байкап калса дароо жөнөткөнгө өтө жакшы болмок. Ушуга министрлик менен биргеликте колдон келген аракет көрүп жатабыз. Негизги багыты катары борборлорду ачып, өнүктүрөлү деген стратегиялык багыт иштелип жатат. Депрессияны дарылоого толук мүмкүнчүлүк бар.

Copyright © 2017 Maral FM