Биз менен байланышыңыз

Мамыров: “Патрулдук милицияны кайра түзгөндөрдүн жоопкерчиликти моюнуна алыш керек”

Күн чабыт | 6 Ноя 2018 | 864 | 0

Патрулдук милиция кайрадан түзүлө турган болду. Президент Сооронбай Жээнбеков 5-ноябрда Саясий-укуктук иликтөөлөр борборунун директору, жол коопсуздугун камсыздаган ички иштер органдарынын бөлүктөрүн реформалоо боюнча эксперттик жумушчу топтун жетекчиси Тамерлан Ибраимов жана Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев  менен жолугушту. Ибраимовдун айтымында, жумушчу топ 6 жыйналыш өткөрүп, ИИМдин окутуу бөлүмдөрү менен таанышып чыкты. Эми кайрадан Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын бөлүктөрү жана патрулдук-нөөмөт бөлүмдөрү бириктирилип, кайрадан патрулдук милициянын жаңы бөлүмү түзүлөт. Мына ушул теманын айланасында  ИИМдин коомдук кеңешинин төрагасынын орун басары Шамшыбек Мамыров менен маектештик.

 

Эффективдүүлүгү жок экен деп Патрулдук милицияны жоюп, эмнеге эми аны кайра түзүү зарылчылыгы болуп жатат?

Негизи бул дүйнөлүк практикада иштеп келе жаткан жакшы система. Биздин өкмөт, ошол эле министрлер улам алмашып, ишинин жыйынтыгын көрсөтө албай түзүлгөн кызматты жоюп, же атын өзгөртүп жатышат. Жалпылап караганда бул туура кадам. Бул реформа үч баскыч менен ишке ашырылары айтылып жатпайбы. Биринчи — кадрларды сынактын негизинде тандоо. Экинчи баскычта тандалган кызматкерлер жарандардын укуктары боюнча маселелерди, тактикалык жана ок атуу даярдыгы, жол эрежелерин окуу сыяктуу тиешелүү окуудан өтүшөт. Үчүнчү баскыч — кызмат өтөөнүн өзү, ал антикоррупциялык чараларды жана кубаттоо ыкмаларынан турат. Мына ошол ишке жооптуу адамдардын жоопкерчилигин катуу карап, кемчиликсиз ишке ашырууну талап кылыш керек.

 

Жаңы кызматтын буга чейинкиден эмне айрымасы бар экен? Бул “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыра албай жаткан өкмөттүн айла жоктон барган кадамы эмеспи?

Бул “Коопсуз шаар” менен бирге кете турган иш. Бул жерде маселе жок.  Мурунку эле кызмат кайра келет. Башкача айтканда Жол коопсуздугун камсыздоочу башкы башкармалыгынын бөлүктөрү жана патрулдук-нөөмөт бөлүмдөрү бириктирилип, патрулдук милициянын жаңы бөлүмү түзүлөт. Патрулдук милиция жолдордогу коопсуздукка гана эмес, жалпысынан бекитилген участкалардагы коомдук коопсуздукка жооп берет. Патрулдук милиционерлер аларга бекитилген участканы толугу менен көзөмөлдөп, мыйзам бузууларды аныктап, алдын ала чараларды көрүп, дайыма кыймылда болушат. Эң башкысы, “ патрулдук милиция жарандар менен байланышта болуп, аларга жардам берген социалдык-сервистик кызматка айланат», — деп жатат. Аны көрө жатарбыз.

 

Буга чейин да ушул эле сөздөр айтылып, ушундай кадамдар менен иш жүрүп келбедиби. Эми атын эле эмес затын, ишин өзгөртүү үчүн эмнени эске алыш керек?

Бир эле ички иштер минисрлигин, Патрулдук милицияны карап олтура бербей ошол эле айдоочулук күбөлүк берип жаткан тармактагы башчыларынын коррупциялык иштерин көрдүк. Жолдордун абалы жана башка ар тармакта көйгөй бар. Ошонун баарын бириктирип, комплекстүү иш алып барыш керек. Кызматкерлерди заманбап керектүү жабдыктар менен камсыздап, каржылык колдоо менен бирге күчтүү талапты аларга эле эмес, жетекчи, вице-премтер министрге чейин катуу коюш керек.

Маегиңизге рахмат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM