Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан менен Европа биримдиги макулдашууну жаңыртат

Кыска кабар | 6 Ноя 2018 | 518 | 0

Кыргызстан менен Европа биримдигинин ортосундагы макулдашуу жаңыртылат. Бул тууралуу Бишкекте өткөн брифингде Европа биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Эдуард Ауэр билдирди.

Анын айтымында, буга чейинки макулдашуу 1999-жылы кабыл алынган.

Мындан тышкары, Европа биримдиги Кыргызстанда 2015-жылдан 2020-жылга чейин 174 миллион еврого долбоорлорду каржылай турганын Европа биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн кызматташтык боюнча бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Никола Скарамутццо билдирди.

Анын айтымында, билим берүү, өнүгүү жана укук тармагындагы долбоорлор. Андан сырткары аймактык мүнөздөгү кошумча каржылоого Борбордук Азиянын 5 өлкөсү кирет.

Евробиримдиктин КРдагы өкүлчүлүгүнүн саясат, басма сөз жана маалымат бөлүмүнүн башчысы Раймондс Вингирс аймактык планда долбоор 300 миллион долларга белгиленгендигин жана чек ара, терроризмге каршы күрөшүү, аймактык билим берүү маселелери сыяктуу багыттарды камтый тургандыгын кошумчалады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM