Биз менен байланышыңыз

Быйыл ачыла турган ишканалар маалым болду

Кыска кабар | 6 Ноя 2018 | 580 | 0

Жыл аягына чейин бир катар ишканалар ачылат. Бул тууралуу өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн 9 айдагы иши боюнча маалымат берип жатып айтты.

Ага ылайык, Оштогу “Кыргыз текстиль” ишканасы ачылары күтүлүүдө. Ишкана 1-этапта 450-1500гө чейин иш орду менен камсыз кылат, кийин 7000ге чыгат.

Чаткалдагы 450 жумуш орду менен камсыз кылган Кичи-Чаарат ишканасы, инвестициянын көлөмү 10,5 млрд сом түздү. Ал декабрда ишке кирет.

“Тандем” компаниясы 1-этапта 300 кишини 2-этапта 500 кишини иш менен камсыз кылат. Ал ноябрда ишке берилет.

Ошондой эле Сокулуктагы 400-500 адамды иш менен камсыз кыла турган “Кулбросс” тигүү фабрикасы ачылганы турат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM