Биз менен байланышыңыз

Кара-Балтадагы “Жунда” заводу ишин токтотту

Кыска кабар | 6 Ноя 2018 | 699 | 0

Кара-Балтадагы мунай иштетүүчү “Жунда” заводу ишин токтотту. Бул тууралуу өкмөт жыйынында экономика министри Олег Панкратов билдирди.

Анын айтымында, учурда заводдо абал оор, жумуш жүрбөй турат. Салыктардын түшүүсү 200 млн сомго чейин жетет.

Маалыматтар боюнча өткөн жумада заводдо иштегендер эмгек укугу бузулуп, зыяндуулук үчүн кошумча акы төлөнбөй жатканын айтып чыгышкан.

«Жунда» заводу жылына 800 миң тонна мунайды кайра иштетүүгө ыңгайлашкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM