Биз менен байланышыңыз

ЖАМК мамлекетке 10 млн сом зыян келтирген

Кыска кабар | 6 Ноя 2018 | 660 | 0

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматында ири өлчөмдөгү зыян келтирилгендиги аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети билдирди.

Кылмыш-жаза кодексинин 304, 171, 189, 350, 306 жана 315-беренелери боюнча Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкерлерине карата козголгон кылмыш ишин тергөөнүн алкагында мекеме көчмө механизацияшкан колоннасынын жана “САСЭМ” жабык акционердик коомунун оңдоп-түзөө ишмердүүлүгүнө аудит жүргүзүлдү.

Анын жыйынтыгында, алдын ала эсептөөлөр боюнча мамлекетке 10 млн сомдон ашык зыян келтирилгени аныкталды.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM