Биз менен байланышыңыз

Москвада Айтматовго арналган тасмалар көрсөтүлүүдө

Кыска кабар | 6 Ноя 2018 | 652 | 0

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган маарекелерди өткөрүүдө.

Орусиянын маданият министрлигинин жана Төлөмүш Океев атындагы «Кыргызфильм» киностудиясынын колдоосу менен 4-14-ноябрда Москва шаарынын «Звезда», «Факел», «Юность» кинотеатрларында кыргыз тасмалары көрсөтүлөт.

Анда “Ак Кеме, “Кызыл алма”, “Караш ашуусунда”, “Бойго жетелектерге бейтапкана”, “Ак барстынурпагы”, “Зной”, “Фудзиямага чыгуу” тасмалары коюлат.

4-ноябрда «Ак Кеме» тасмасын көрүүгө Москва шаарынын тургундары, Москванын жогорку окуу жайларынында окуган кыргызстандык студенттер, кыргыз диаспоралык уюмдарынын, ошондой эле казак жана тажик диаспоралык уюмдарынын жетекчилери катышышты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM