Биз менен байланышыңыз

Шопоков шаарында Калкты тейлөөчү жаңы борбор ачылды

Кыска кабар | 6 Ноя 2018 | 918 | 0

Чүй облусунун Сокулук районунун Шопоков шаарында Калкты тейлөөчү жаңы борбор ачылды.

Анда паспорттоштуруу жана калкты каттоо бөлүмү, жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмү, ошондой эле документтештирүү үчүн бардык зарыл кызматтар жайгаштырылган.

Арыз ээлери талап кылынган документтерди имарат ичинде топтоп жана мамлекеттик кызматтарды пайдалануу үчүн арыз калтыра алышат.

Имараттын аянты 800 чарчы метрди түзөт. Жарандарга мамлекеттик кызматтын 36 түрү көрсөтүлөт. Ошондой эле жаңы формат боюнча фото, касса, нотариус жана салтанат залынын кызматтары каралган.

Үстүбүздөгү жылы жаңы форматтагы Калкты тейлөө борбору Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Ат-Башы айылында ачылган жана Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда ачылышы пландалууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM