Биз менен байланышыңыз

Финансы полициясы жемкорлордон дагы 11 млн сом өндүрдү

Кыска кабар | 5 Ноя 2018 | 501 | 0

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы бирдиктүү депозиттик эсепке 11 млн 622 миң сом которду. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Ушуну менен Финансы полициясынын жемкорлордон өндүрүп бирдиктүү эсепке которгон акчанын суммасы жалпы 209 млн 35миң 400 сомго жетти.

Эскерте кетсек, бирдиктүү депозиттик эсеп 2018-жылдын 3-июлунда ачылган. Ал эсепке экономикалык жана кызматтык кылмыштардын айынан мамлекет тарткан зыяндын ордун толтуруш үчүн өндүрүлгөн акчалар түшөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM