Биз менен байланышыңыз

Сот Шабдан Баатыр көчөсүнүн атын өзгөртүүгө каршы чыккандардын арызын канааттандырган жок

Кыска кабар | 5 Ноя 2018 | 629 | 0

Бишкек шаарынын райондор аралык соту Шабдан Баатыр көчөсүнүн атын өзгөртүүгө каршы чыккан “Биздин укук” коомдук фондунун арызын канааттандырган жок. Бул тууралуу аталган фонддун жетекчиси Калича Умуралиева билдирди.

Быйыл Бишкек шаардык кеңеши Шабдан баатыр көчөсүн «7-апрель» деп өзгөрткөн чечим чыгарган. Буга каршы болгон топ сотко кайрылган. Доо арызды Бишкек райондор аралык соту карады.

Ошол эле учурда Шабдан баатырдан башка көчөлөрдүн аталышын өзгөртүүгө беш жылдык мораторий кабыл алынган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM