Биз менен байланышыңыз

Эми Кыргызстандагы диссертацияларды интернеттен окууга болот

Кыска кабар | 5 Ноя 2018 | 596 | 0

Кыргызстандын Жогорку аттестациялык комиссиясы(ЖАК) диссертацияларды жеткиликтүү кылды. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

1-ноябрдан тарта илимий диссертацияларды пайдаланууга жарандарга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Базага кирүү үчүн ЖАКтын интернет сайтына кирип катталуу керек. Андагы өздүк кабинетиңизде “Диссертациялардын архиви” деген жерден окууга болот.

Мекеме маалымат базасын жакшыртып, кайталанган маалыматтарды жок кылып, диссертациялык файлдарды сактоого да өзгөчө көңүл бурган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM