Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев КМШ өкмөт башчыларынын жыйынына катышат

Кыска кабар | 2 Ноя 2018 | 711 | 0

Бүгүн, 2-ноябрда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине мүчө өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынына катышат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Астана шаарында өтчү жыйын тар жана кеңейтилген чөйрөдө өткөрүлүп, жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлат.

Мындан тышкары Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары менен жолугушуусу күтүлүүдө.

Эске салсак, КМШ өкмөт башчыларынын жыйыны буга чейин Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында өттү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM