Биз менен байланышыңыз

Ашууларда кардын калыңдыгы 5-35 см болууда

Кыска кабар | 1 Ноя 2018 | 538 | 0

Бүгүн, 1-ноябрга карата Бишкек-Ош авто унаа жолундагы Төө-Ашуу ашуусунда кардын орточо бийиктиги 5-15 см, түштүк тарабында 5-35 см болууда. Жолдор тайгак болуп, муз тоңгон.

Ал эми, Өтмөк-Талас автоунаа жолундагы Өтмөк ашуусунда кардын орточо бийиктиги 5-15 см түзөт, анда да жолдор тайгалак болуп, муз тоңгон.

Ала-Бел ашуусу жана Чычкан капчыгайында жолдун айрым жерлеринде тайгак болуп муз тоңгон, кардын орточо бийиктиги 2-10 см.

Бишкек-Торугарт автоунаа жолундагы “Долон” ашуусунда кардын орточо бийиктиги 2-15 см.

Каракол-Эңгилчек автоунаа жолундагы Чоң-Ашуу ашуусунда кардын орточо бийиктиги 2-15 см.

Барскоон-Ак-Шыйрак автоунаа жолунунун Сөөк ашуусунун 62-68 чакырымдарында кардын орточо бийиктиги 5-15 см түзөт.

Түп-Кеген автоунаа жолунун 43-76 чакырымдарында кардын орточо бийиктиги 5-12 см.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM