Биз менен байланышыңыз

«Мени партиядан чыгаргандар өздөрү чыккынчы»

Кыска кабар | 1 Ноя 2018 | 667 | 0

«Мени КСДПдан чыксын деп добуш бергендер өздөрү чыккынчы». Бул тууралуу  Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов маалымат жыйынында билдирди.

«Себеби алар партиянын уставына каршы, Апрель революциясында курман болгон баатырлардын элесин, ошолордун идеясын саткан болушат. Ошол революциянын үмүтү акталган жок», —дейт Өмүркулов.

Фракция лидери 25 жылдан бери партиянын идеяларын ишке ашырууга, мамлекеттин, коомдун кызыкчылыгы үчүн күрөшүп келгенин кошумчалайт.

Эске салсак, 31-октябрда Иса Өмүркулов Кыргызстан социал-демократтар партиясынын курамынан чыгарылган.

 

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM