Биз менен байланышыңыз

Иса Өмүркулов маалымат жыйынын өткөрөт

Кыска кабар | 1 Ноя 2018 | 637 | 0

Бүгүн Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов маалымат жыйынын өткөрөт. Бул тууралуу парламенттен билдиришти.

Белгилей кетсек, 31-октябрда Иса Өмүркулов Кыргызстан социал-демократтар партиясынын курамынан чыгарылды. Ал партиянын уставына, максатына каршы келген аракети үчүн чыгарылган. Ошондой эле аны парламенттеги КСДП фракциясынан да чыгаруу сунушталган.

31-октябрда партия съездин өткөрүп, Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина партиянын төрагасынын орун басары болуп тандалды.

2019-жылдын 6-апрелинде өтө турчу жыйынын уюштуруу комитетин Алмазбек Атамбаев жетектемей болду.

Белгилей кетсек, Иса Өмүркуловдун «КСДП Атамбаевсиз» урааны алдында аймактарды кыдырып жүргөн активисттер менен жолукканын активисттердин бири Сагынбек Абдрахманов билдирген. Анын бул аракети талкуу жараткан.

Ал эми КСДП партиясынын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева, партиянын айланасында дайыма чыккынчылар менен душмандар болуп келгенин айтып, партияны бөлүштүрүүгө кызыкдар адамдардын  колунан эч нерсе келбей турганын билдирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM