Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев: Индустриалдык-логистикалык парктын курулушу дүйнөлүк деңгээлге чыгууну шарттайт

Кыска кабар | 31 Окт 2018 | 556 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Чүй облусунун Аламүдүн районундагы «Silk Way» индустриалдык-логистикалык паркынын курулушуна капсула коюу салтанатына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн малымат кызматы билдирди.

«Silk Way индустриалдык паркы» коомунун башкы директору Адилет Кубанычбековдун айтымында, парктын аймагында тигүү, текстилдик жана бут кийим продукциясын өндүрүү боюнча 112 профилдик фабриканын курулушу пландаштырылууда.

«Мында экспорттук потенциалды жогорулатуу үчүн бардык шарттар түзүлөт. Индустриалдык-логистикалык борбор ата мекендик продукцияны дүйнөлүк деңгээлге алып чыгууга өбөлгө болоруна ишенем», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Ошондой эле аталган долбоорду ишке ашыруу үчүн Өкмөт ишкерлерге жерди трансформациялоо жана электр энергиясына кошулуу маселелерин өз учурунда чечүүгө көмөк бергендигин кошумчалады.

«Биримдик. Ишеним. Жаратмандык» программасынын алкагында долбоорго жергиликтүү ишкерлердин инвестициясы тартылган. Аларды Кытай жана Түркиянын инвесторлору колдоого алды. Жалпысынан алганда, парктын курулушуна 200 млн доллар багытталат.

Белгилей кетсек, долбоор ALPHA CARGO», «Opal Mining Co.Ltd», «YbHD Logistic Group» жана «Saphire Artstone Group» компаниялары тарабынан ишке ашырылууда. Парк 70 гектар аянтты ээлеп, 35 миң жумушчу орунду камсыз кылат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM