Биз менен байланышыңыз

Президент санарипке өтүү аракети боюнча маалымат алды

Кыска кабар | 31 Окт 2018 | 697 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев жана Президенттин коомдук башталыштагы кеңешчиси Дастан Догоев менен өлкөдөгү санариптик трансформация маселелерин талкуулады.

Дастан Догоев «Санариптик Кыргызстан» программасынын долбоору жөнүндө маалымат берди. Анын айтымында, программанын концепциясы эки негизги багытты аныктайт. Алар трансформациянын санариптик эмес жана санариптик негиздери.

Санариптик факторлорго инфраструктураны куруу, өлкөдө мамлекеттин жарандар менен болгон аракеттенүүсү үчүн аянтча жана зарыл болгон жеке инвестицияларды тартууга негиз түзүүгө жол берген аймактык дата-борборду түзүү кирет.

Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиевдин айтымында, бүгүнкү күндө санариптик трансформациянын алкагында 33 долбоор бекитилип, алардын ичинен 7си толугу менен ишке ашырылды, 17 долбоор иш процессинде, калган 9 долбоор боюнча каржылоо булактарын издөө жумуштары жүрүп жатат.

Президент маалыматтык технологиялар жана санариптик трансформация өлкөнүн экономикасынын атаандаштык жөндөмүн, жарандардын жашоо деңгээлин жана мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга шарт түзүшү керектигин белгиледи.

«Санариптик трансформация, мамлекетибизге жана элибизге абадай керек. Мамлекеттик башкарууну санариптештирүү зарыл. Бардык жумушту тез аткарыш керек», — деп Президент белгилеп, Дастан Догоевди ушул процесстердин баарын тездетиш үчүн коомдук башталыштагы кеңешчи кылып дайындаганын кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM