Биз менен байланышыңыз

Декреттик өргүүдөгү депрессияны жеңгендер

Коом | 1 Ноя 2018 | 1673 | 0
Сүрөт интернеттен алынды

Аял заты үчүн эң чоң бакыт баласы, эне болуу сезими. Бирок айрымдар үчүн, өзгөчө дайыма иш менен алек болгон айымдарга декреттик өргүү терс таасир калтырып, депрессияга да түшүрүшү мүмкүндүгүн психологдор айтышат. Ошол эле учурда, бала менен отурганда алтын убактысын балага да, өзүнө да, жада калса үй-бүлөнүн киреше булагына пайда алып келгендер да жок эмес.

Эркингүл кесиби боюнча информатика предмети боюнча мугалим. Эмгекчил эне үчүнчү уулун төрөп, үйүндө отурган учурун текке кетирген эмес. Бир гана бала менен алек болбостон, өзүн-өзү өнүктүрүп, жада калса өзүнүн жаңы өнөрүн да тапкан. Эң кызыктуусу, үчүнчү уулунун тили англис тилинде чыккан. Анткени уулу менен убакытын туура өткөрүүнү максат койгон. Учурда кайрадан мугалимдик кесипти аркалап, кулинария боюнча да мыкты адис. Тортторду түрлөп жасайт. Бул өнөрдү ал декреттик өргүүдө жүргөн кезинде өздөштүргөн. Бул идея, өнөр кантип ойгонгонун каарманыбыздын өзүнөн сурадык. 

-Өзүм кесибим боюнча мугалиммин. Жолдошум да мугалим. Окутуучулардын айлыгы канча экени баарыбызга белгилүү (күлүп). Бул өнөрдүн пайда болушуна да ошол нерсе кандайдыр бир деңгээлде түрткү болду десем болот. Анткени мен үйдө отурган кезде 3 бала менен бираз оор болду. Балдар чоңойгон сайын талаптар да чоңоет экен. Аларды камсыздоо керек. Айылга кайын журтумдун үйүнө барып калдык, апам (жолдошунун апасы) торт жасаганды үйрөн деп калды. Анткени менин абысыным буйрутмага торт жасайт эле. Чынын айтканда башында кызыккан жокмун. Бирок тортту кооздоо мени өзүнө тартты. Бул ишти баштагандан кийин ырахат ала баштадым. Албетте баары оңой болгон жок. 2 жаштагы балам жардамдаша калып, бир ишти он жолу кайталап жасап жүрдүк( күлүп). Биринчи буйрутмага алган тортту жасаганым эсимден кетпейт. Эсептеп көрсөм 24 сааттан да ашып кетиптир. Тегиздей албай кыйналгам. Бул иш жоопкерчиликтүү. Өз убактысында алып барышың керек. Айрыкча үйлөнүү тойдун тортун жасоо маанилүү.

Маектешим Эркингүл айым адам өзү жаңы алектенчү нерсе таап алса, ары кызыктуу, баласы үчүн да пайдалуу болот деп эсептейт. Ал өнөрдөн киреше келип турса анда ал нерсе андан да жагымдуу.

-Үйдө отурган аял эч качан депрессияга кабылбашы керек деп ойлойм. Анткени сенин мурда жасай албай жүргөн хоббилериң үчүн убакыт табылды. Мисалы, мен бош отуруп калсам эле бир нерсе токуй калам. Азыр дагы толгон-токой иштерим турат. Адам депрессияга кирем десе, кирип кете берет. Натыйжада убакыт текке кетет. Ар бир үйрөнгөн нерсесин балдары үчүн деп билсе, баары жакшы болот. Мисалы, мен өзүмдү өнүктүрүп жатсам, аны да балдарыма үйрөтүү үчүн. Эң кызыгы кичүү уулумдун тили англис тилинде чыкты. Эмнеге десеңиз, анткени мен улуу балдарыма чет тилин жакшы билбей жатышканы үчүн үйдө ошол тилде сүйлөп практика болсун дегем. Алар үйрөнбөй эле, кичинекей балам үйрөнүп алды( күлүп). Негизи жолдошум тилчи. Ошондуктан үйдө төрт тилди бөлүп алганбыз. Ар ким өзүнө бөлүнгөн тилде сүйлөйт, ошондо балдарга жакшы тажрыйба болот. Азыр 2 жаштагы балам кыргызча түшүнөт, бирок оюн чет тилде түшүндүрөт.

Ал эми Жаркын айым декреттик өргүүсүн пайда жагына колдонсо болот дейт. Бала кароону бир нерсеге шылтоо кылуу ага такыр жакпаган адат. Өзүнүн 3 перзенти болсо да, баарын жасоого, бизнес менен үй-бүлөнү бирге алып кетүүгө үйрөнгөн. Бирок бул жетишкендик заматта болгон эмес. Алгач биринчи уулун төрөгөн учурда китептер менен сугарылып, экинчисинде максатты ишке ашырууга план түзүп, аракет кыла баштаган. 

-Аялдын үй-бүлө менен бизнести бирдей аркалап кетүүсү, кошумча иш менен алек болуусу адамдын дээринен го деп ойлойм. Негизинен буга каалоо керек. Чоң энем баланы шылтоо кылып иш кылбай койбош керек деп көп айтар эле. Ошол сөзү сиңип калганбы, билбейм. Биринчи кош бойлуу болгондо эле үйдө отура алган эмесмин. Атайын жарма жасап, дүкөндөргө берчүмүн. Жолдошум «сага эмне жетишпейт» деп таң калар эле. Бул мага жетишпей жаткан үчүн эмес, тескерисинче аял өзү бир нерсе менен алек болуп, ийгиликке жетип жатса ага жакшы маанай түзүлөт. Анча-мынча болуп турган нерселерди унутасың. Аларды ойлогонго да убакытың болбой калат. Мен ойлойм, бала менен отурганда «таймменеджментти» жакшы өздөштүрүүгө болот. Анткени убакытты кантип пайдалуу жана туура колдонууга тырышасың.

Ар бир жасаган кыпындай ийгилигиң өзүңө дем берип, кызыктырат..

-Мен мисалы башында жөн эле жарма жасап, дүкөндөргө берген болсом, кийинчерээк ишкерликти кантип баштоо керектигине кызыга баштадым. Ал үчүн алгач китеп окуш керек. Үйдө отурам кайда бармак элем дебестен, китеп алып, керектүү жерлерин белгилеп алып, керек болсо сабактарды интернеттен тапса болот. Мен балдарымды чоң апаларына таштап коюп дагы 1 саатка тренингдерге барып жүрдүм. Азыр дагы кыздарым кичинекей. Бирок мен аларды карашым керек деп отуруп албай, аларды да карап, баштаган ишкердикти да үйдөн эле улантса болот.

 

Copyright © 2017 Maral FM