Биз менен байланышыңыз

Ички иштер министрлигинен документ алуу жеңилдеди

Коом | 31 Окт 2018 | 844 | 0

Ички иштер министрлигинин мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү борборунда “бирдиктүү терезе” системасы ишке кирди. 

Ички иштер министрлигинин кызматтарды көрсөтүү борборунда  «бирдиктүү терезе» системасы ишке кирди. Курманжан Датка 115 дарегинен министрликке тийиштүү баардык маалымкаттарды кыска мөөнөттө алууга болот. Аларга:

  1. Жарандын кылмыш жоопкерчилигине тартылып же тартылбаганы жөнүндө;
  2. Өлкөнүн аймагында соттолуп же соттолбогону жөнүндө;
  3. Апостилди;
  4. Кооптуу жүк ташыган транспорт каражаттарына уруксат кагаздар;
  5. Жарандык жана кызматтык курал-жаракты жана  лицензияларды берүүгө уруксат кагаздары;

кирди.

Буга чейин  ушул эле документти алуу үчүн ИИМге 400дөн 700 адамга кайрылып келген болсо, эми бул борбор аркылуу жарандарды эки эсе көп кабыл алууга мүмкүн болуп калды. Үч күн аралыгында борборго кайрылгандардын көрсөткүчү 1,5 миңге жетти. Басымдуу бөлүгү соттолуп- соттолбогону жөнүндөгү маалымкат үчүн кайрылгандар түзүп жатканын аталган борбордун жетекчиси Аида Макилова айтты.

Азыркы учурда бизге жарандар соттолгону же соттолбогону жөнүндөгү справканы алуу үчүн көп келип жатышат. Кайрылгандардын саны 500дөн 800гө чейин жетүүдө. Борбордун эң ыңгайлуу жери  жарандарга операторлор көмөк көрсөтөт. Борбордо жалпы 10 оператор жарандарды тейлейт. Ошондой эле борбордун ичине төлөм терминалдары орнотулган. Жарандар өз паспортундагы маалымат менен келип, эртеси маалымкатты алып кетет.

Жаңы системанын кириши менен документтерди алуунун мөөнөтү дагы кыскарды.  Анткени Мамлекеттик каттоо кызматындагы менен министрликтеги маалыматтар бир тутумга бириктирилди. Анда компьютердин жардамы астында төмөнкүдөй ишке ашырылып калды.

-Алгач бизге келген жарандын паспортун алабыз. Андагы номурду системага жазабыз дагы дароо жаран тууралуу маалыматтарга ээ болобуз. Андан соң маалымкатты берүүнүн мөөнөтүн тактайбыз. 1-3 же 7 күндү жаран өзү тандайт. Ошого жараша биз документти даярдап беребиз.

Бул маалыматтарды кызмат көрсөтүү борборунун оператору Камила Шаршенова тааныштырды. Ал эми төлөмдөрдүн баасы мурунку боюнча калтырылды. Бир күндө алып кетем десеңиз, 250 сом төлөйсүз. Эгер 3 күндө даяр болууну кааласаңыз, 250 сом таштайсыз. Бир аптадан кийин десеңиз, акысыз берилет.

Ал үчүн жаран алгач электрондук кезекке туруп, кезегин залга орнотулган экран аркылуу билип турушу керек. Ошону менен 10-15 мүнөт ичинде жаран жумушун бүтүрүп кете алат. Бул жарандар үчүн өтө ыңгайлуу болуп калганын өздөрү айтып беришти.

Мен жаңы жумушка орношуп жаткам. Ал жактан соттолбогонум тууралуу маалыматты алып келүүмдү айтышкан. Ошондуктан келдим. Мен бул жактан жашыл түстөгүсүн алып жатам. Өтө деле кымбат эмес.

-Бул борбордун шарттары жогорку деңгээлде деп айта алам. Буга чейин справканы ала турчу жерде бир эле кыз отурчу. Анан кезек абдан көп болор эле. Ошонун айынан ызы-чуу дагы көп чыгар эле…

-Өзүм 60 жашка чыктым. Жогорку окуу жайлардын жатаканаларынын бирине жумушка кирип жатам. Ошондуктан справка алуу үчүн келдим. Буга чейин мындайды көргөн эмесмин. 2-3 мүнөттө эле ишимди бүтүрүп беришти. Эми эртең келем.

Кошумчалай кетсек, борбор жумасына беш күн  саат 9дан баштап кечки 17-00гө чейин иштейт.  

 

Copyright © 2017 Maral FM