Connect with us

Жусупов: «Электрондук төлөмгө айрым айдоочулар каршы»

Күн чабыт | 31 Окт 2018 | 989 | 0

Ноябрь айында коомдук транспортторго электрондук төлөм системасын киргизүүнү ишке ашыруу үчүн тендер өтөт. Учурда Бишкек шаардык мэрия даярдыктарды көрүүдө. Ал эмне максатта ишке кирип жатат жана айдоочулар буга каршы эмеспи? Мэриянын Транспорт башкармалыгынын бөлүм башчысы Кубанычбек Жусупов суроолорубузга жооп берди.

Бул системага өтүүнүн максаты, себеби эмне болуп жатат?

Коомдук транспорттордо электрондук билеттерди кабыл алуучу автоматташтырылган система коңшу мамлекеттерде, мегаполистерде эчак эле ишке кирген. Коомдук транспорттордо льгота алган пенсия курагындагылар, окуучу жана башка жарандар бар эмеспи. Мэрия жыл сайын алар үчүн 320 млн сом субсидия берип келет. Бирок биз канча жаран жеңилдиктерди кандай кодононуп, канча жолу кызмат аларын так билбейбиз. Бул финансылык тактык үчүн абдан маанилүү. Дагы бир башкы маселе коопсуздук. Айдоочулар акча санап, кайтарым акча берип өз милдетинен алаксыган учурлар кооптуулукту жаратат. Ошондуктан бул системаны киргизүү максатка ылайык болуп жатат.

 

Электрондук билеттерди кайдан алса болот? Ал жарандарга кошумча жүк болуп, кээ бири алса, башкасы албай нааразычылык, көйгөйлөр дагы көбөйүп кетпейби?

Бул долбоор ишке кирсе шаарда 200дөн ашык пункт ачылат. Пенсионерлерге коомдук транспорттордо жүрүү акысыз болот. Бирок бир жолу алынуучу карта 50-60 сомдун тегереги болот. Анын акысын төлөш керек болуп калат. Андан ары акысыз жүрө алат. Ошол эле студенттерге жана башка жарандарга да бул кадам ыңгайлуу болот. Тескерисинче жеңилдиктер каралган.  Нааразчылык жаралбайт деп ишенебиз.

Бул долбоорду ишке ашырууга канча каражат кетет? Андан кайра мамлекеттин, мэриянын казынасына кандайдыр бир пайда болобу?

 Буга мамлекеттин каражаты кетпейт. Биз тендер жарыялайбыз. Инвесторлордун жардамы менен ишке аша турган долбоор. Алар балким баштапкы баасы 1-2 миллион долларга чейин болот. Ага кеңсе, аппарат жана башка керектүү жабдыктарын алып, ишке киргизет. Анын 25% мэрияга түшөт. Келечекте шаардык башкармалыктын мыйзам чегинде үлүшү болот. Бул система каражаттын тактыгын билүүгө шарт түзүү менен салыктардын көбөйүшүнө да жол ачат. Болжолдуу казынага 300 миң доллар же 20 млн сомдой кошумча каражат түшөт деген план болуп жатат.

 

Бул системага кичи маршрутка айдоочулары да киреби?

Биринчи этап менен троллейбус автобустар кирет. Иштин жүрүшү менен бир жыл ичинде кичиавтобустарды да киргизүү долбоордо каралган.

Буга айдоочулар кандай пикирде? Аларды угуп көрдүңүздөрбү?

 Колубузга накталай акча тийбейби деп нааразы болгондор бар. Бирок чоң сервер болот. Ага эч ким тийише албайт. Каражат заманбап жол менен топтолот. Көпчүлүк валидаторго да акысын төлөйбүз деген кооптонулар менен турушат. Ал акысыз болот. Ал эми транзакцияга тиешелүү каражат түшүп турат. Ал эми маршруткаларга түшкөн льгота алуучуларга субсидия да каралат.

 

Эми долбоор качан ишин баштаганы турат?

Мына ушул ноябрь айында тендер өтөт. Ал жыйынтыкталып, уткан компания менен келишимдер түзүлүп 2019-жылдын алгачкы айларына, биринчи кварталына барат го.

Маегиңизге рахмат.

 

 

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM